Орусиянын Одессадагы порт инфраструктурасына чабуулу

Бул тууралуу Одесса облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Кипер социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

2032363
Орусиянын Одессадагы порт инфраструктурасына чабуулу

Орусиянын Украинанын Одесса аймагындагы порт инфраструктурасына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салганы билдирилди.

Одесса облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Кипер социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө, Орус армиясы Одесса облусунун түштүгүндөгү жарандык инфраструктурага түнкүсүн 3 саат 30 мүнөт бою кол салганын билдирди.

Украинанын абадан коргонуу системасы тарабынан аймакта  Орусияга таандык 22 учкучсуз учуучу аппаратынын жок кылынганын белгилеген Кипер : «Порттун инфраструктурасына да сокку урулду. Порттун 2 жарандык кызматкери жараланып, ооруканага жеткирилди»,-деди.

Украина аба күчтөрү командирлигинен берилген маалыматта Орусиянын Одесса аймагына түнкү кол салууда 25 учкучсуз учуучу аппарат колдонгону белгиленди.



Тектеш кабарлар