Индиядагы сел жана жер көчкүдө 72 адам каза болду

Катуу муссондордун кесепетинен өлкөдө жер көчкү жана сел жүрүп, жолдор суу астында калып, имараттарды сел алып кеткен.

2025918
Индиядагы сел жана жер көчкүдө 72 адам каза болду

Индиянын түндүгүндө бир нече күн бою тынымсыз жааган жамгыр 72 адамдын өмүрүн алды.

Катуу муссондордун кесепетинен өлкөдө жер көчкү жана сел жүрүп, жолдор суу астында калып, имараттарды сел алып кеткен.

Тоолуу Химачал-Прадеш штатында куткаруучулар катаал аба ырайы учурунда жамгырдан улам ылай жана урандылардын астында калган адамдарды куткарууга аракет кылууда.

Аймакта дагы бир нече күн улана турган катуу жааган жамгырдан улам жогорку деңгээлде эскертүү берилди. Жетекчилер ушул кезге чейин  чейин кеминде 72 кишинин каза болгонун билдиришти.

Химачал-Прадеш штатындагы Шимла шаарында жүздөгөн жолдор жабылып, мектептерди жабуу чечими чыгарылды.

Аймакта 2 миңден ашуун адам тик учак ​​жана моторлуу кайыктар менен куткарылды.

Инфраструктурага муссон жамгырлары себеп болгон кыйроону оңдоо бир жылды талап кылышы мүмкүн экендиги жана болжолдуу чыгымдын 100 миллиард доллардын тегерегинде экени билдирилди.

Июнь айынан сентябрга чейинки муссон мезгилинде Индиянын түндүгүндө жер көчкү жана суу ташкындары сыяктуу кырсыктар көп кездешет. Окумуштуулар глобалдык жылуулук күчөгөн сайын мындай кырсыктардын көбөйүп жатканын айтышууда.



Тектеш кабарлар