ПКК/ЙПГнын Афринде ракеталык кол салуусунан 6 жаран жаракат алды
Түркия чек арасынан 18 километр алыстыкта жайгашкан Сириянын Тель-Рыфат районун 6 жылдан ашык убакыттан бери басып алган ПКК/ЙПГ жарандык отурукташуу жерлерин бутага алууну улантууда.
Сириянын Халеб шаарынын Тель-Рыфат районунда басып алуусун уланткан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Афринде күч менен жер которгон жарандар баш калкалаган брикет үйлөрүнө ракеталык кол салуусунда 6 жаран жаракат алды.
Түркия чек арасынан 18 километр алыстыкта жайгашкан Сириянын Тель-Рыфат районун 6 жылдан ашык убакыттан бери басып алган ПКК/ЙПГ жарандык отурукташуу жерлерин бутага алууну улантууда.
Тель-Рыфатта уя салган террористтер аскердик оппозициянын көзөмөлүндөгү Африндин Теренде айылындагы жер которгондор баш калкалаган брикет үйлөрүнө эки ракета менен кол салды.
Жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматка караганда кол салууда 3 бала жана 6 жаран жараланды.
ПКК/ЙПГ террористтери 2016-жылдын февраль айында Орусиянын абадан колдоосу менен Тель-Рыфат жана анын айланасындагы кээ бир конуштарды басып алышкан.
Террордук уюм 250 миңге жакын жаранды Тель-Рыфат жана айланасынан көчүүүгө мажбурлады жана айтылган калк Түркия чек арасына жакын аймактарга баш калкалады.
Бул жерден ПКК/ЙПГ «Евфрат калканы» операциясы жана «Зайтун бутагы» операциясы аймагындагы отурукташуу жерлери менен коопсуздукту камсыз кылган түрк коопсуздук күчтөрүнө жана оппозициячыл согушкерлердин турумдарына кол салууда.