Браун Украинада гуманитардык абал начарлап баратканын айтты

Браун БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде өткөрүлгөн күнүмдүк маалымат жыйынына онлайн режиминде катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2018588
Браун Украинада гуманитардык абал начарлап баратканын айтты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Украина боюнча гуманитардык координатору Денис Браун Украинада соңку кол салуулардан кийин дагы карапайым калктын жардамга муктаж болуп жатканын жана гуманитардык абал начарлап баратканын айтты.

Браун БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде өткөрүлгөн күнүмдүк маалымат жыйынына онлайн режиминде катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Өткөн аптада Украинага барганын белгилеген Браун, Одесса жана Николаев шаарларында «Орусиянын кол салууларынан улам болгон кыйроонун чоңдугуна» токтолду.

Одессанын БУУнун гуманитардык жардамынын аймакка жетиши үчүн абдан маанилүү экенин жана шаарда көптөгөн БУУнун кызматкери болгонун белгилеген Браун, акыркы бир нече жумада болгон кол салуулардын Одесса порту жана шаардын борборундагы БУУнун кеңсесинен бир нече жүз эле метр алыстыктагы соборду бутага алганын баса белгиледи.

БУУнун координатору Украинада жарандык максатта колдонулган инфраструктураларды бутага алуу Кара деңиз дан коридору келишими токтотулгандан кийин «дароо» болгонун белгиледи.

Денис Браун дан келишими боюнча: «Бул эки тарап үчүн тең жардам болду. Бул бүткүл дүйнөдөгү ачка адамдар жана украин дыйкандары үчүн өмүрдү сактоочу куткаруудай болду», - деди.

Украинада аба ырайынын абдан тез сууктап баратканына көңүл бурган Браун, жардамга муктаж жарандардын санынын көбөйөрүн жана 2023-жылдын аягына чейин 3,9 миллиард долларлык бюджетке муктаж болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар