Рим папасы Орусияны дан келишимине кайтууга чакырды

Ватиканда салттуу жекшемби намазын окуган Рим папасы Кара деңиз дан келишимине токтолду.

2017831
Рим папасы Орусияны дан келишимине кайтууга чакырды

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Рим папасы Франциск дандын маанилүү бир азык экенин белгилеп, Орусияны Кара деңиз дан келишимине кайтууга чакырды.

Ватиканда салттуу жекшемби намазын окуган Рим папасы Кара деңиз дан келишимине токтолду.

Дандын адамзатты азыктандыруу үчүн Теңирдин белеги экенин билдирген Папа: «Келгиле, азап чеккен Украина үчүн сыйынууну токтотпойлу, бул жердеги согуш бардыгын, анын ичинде эгинди талкалап жатат жана бул Теңирге каршы жасалган оор кылмыш»,-деди.

Католиктердин руханий лидери ачкачылыктан жапа чеккен миллиондогон адамдар айгайлап жатканын айтып: «Мен бир туугандарымды, Орусия Федерациясынын бийлигин Кара деңиз демилгесин кайтарууга жана эгинди коопсуз ташууга чакырам»,-деди.

Орусия-Украина согушунун дүйнөлүк азык-түлүк бааларына тийгизген таасирин азайтуу максатында БУУ, Орусия, Түркия жана Украина 2022-жылдын 22-июлунда Стамбулда өткөрүлгөн аземде Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюшкан.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 17-июлда мөөнөтү аяктаган келишимге байланыштуу билдирүү жасап: «Дан коридору келишими иш жүзүндө аяктады, ал токтотулду. Тиешелүү шарттар аткарылса эле Орусия дароо дан келишимине кайтып келет. Келишимдин Орусияга байланыштуу бөлүгү аткарылган жок»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар