Россия Одессага кол салды

Украинанын Одесса облусуна орус армиясынын ракеталык чабуулунун натыйжасында 2 адам жаракат алып, 100 тонна буурчак жана 20 тонна арпа өрттөнүп жок болду.

2014429
Россия Одессага кол салды

Украинанын Одесса облусуна орус армиясынын ракеталык чабуулунун натыйжасында 2 адам жаракат алып, 100 тонна буурчак жана 20 тонна арпа өрттөнүп жок болду.

Одесса облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Олег Кипер социалдык тармактагы билдирүүсүндө Россиянын эртең менен Одесса аймагына ракеталык чабуул жасагандыгын билдирди.

Орус аскердик кемелеринен учурулган эки ракетанын аймактагы дан ангарына тийгенин белгилеген Кипер : "Тилекке каршы, Одесса облусундагы айыл чарба ишканаларынын биринин дан терминалдары (ангар) жабыркаган. Душмандар 100 тонна буурчак жана 20 тонна арпаны жок кылып, жарылуудан 2 адам жабыркаган",- деди.

Россиянын Одесса аймагындагы порттордун артынан эми айыл чарба аймактарын бутага ала баштаганын билдирген Кипер кол салууда 200 метр квадраттан чоң аянтта өрт чыкканын белгиледи.



Тектеш кабарлар