Гутерреш Россиянын Украина портторуна кол салуусун айыптады

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2014422
Гутерреш Россиянын Украина портторуна кол салуусун айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунунбаш катчысы Антонио Гутерреш Россиянын Одесса жана башка Украина портторуна жасаган кол салууларын айыптады.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Кол салуулардын Россия менен БУУнун ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумун бузгандыгын белгилеген Дужаррик, бул келишимге ылайык Россиянын Украина портторунан азык-түлүк, күн карама майы жана жер семирткичтердин экспортун жеңилдетүүгө макул болгонун эске салды.

Дужаррик : "БУУнун баш катчысы Россиянын Одессага жана башка Украина портторуна жасаган кол салууларын айыптайт. Кол салуулар жарандык инфраструктурага зыян келтирип, эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузуу болушу мүмкүн", - деп баса белгиледи.

Дужаррик Россиянын Кара деңиз дан коридору келишимин токтотуу чечиминин эгин жана жүгөрү баасына таасирин тийгизгендигин, өзгөчө түштүктөгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашаган адамдарга зыян келтиргендигин айтты.

Дужаррик Гутеррештин глобалдык ачарчылыкка жана туруктуу азык-түлүк бааларына каршы аракеттерин уланта турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар