Зеленский Орусия Украинанын дан соода инфраструктурасын атайылап бутага алганын билдирди

Зеленский социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө кечээ кечинде орустардын Одесса, Житомир жана башка аймактарга жасаган кол салууларына байланыштуу жыйын өткөргөнүн айтты.

2013585
Зеленский Орусия Украинанын дан соода инфраструктурасын атайылап бутага алганын билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Украинанын дан соода инфраструктурасын атайылап бутага алганын билдирди.

Зеленский социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө кечээ кечинде орустардын Одесса, Житомир жана башка аймактарга жасаган кол салууларына байланыштуу жыйын өткөргөнүн айтты.

Жыйында бул чабуулдар тууралуу бийликтен маалымат алганын белгилеген Зеленский: "Орус террористтери дан соодасынын инфраструктурасын атайылап бутага алышкан жана орусиялык ар бир ракета бир гана Украина үчүн эмес, дүйнөдө нормалдуу жана коопсуз жашоону каалагандар үчүн сокку болуп саналат»,-деди.

Зеленский аскерлерге адамдарды жана порт инфраструктурасын коргоону күчөтүүнү тапшырганын билдирди.

"Мен ошондой эле Тышкы иштер министрлигине террористтик мамлекетке кысымды күчөтүүнү жана украин данынын нормалдуу экспортун сактап калуу үчүн өнөктөштөр менен байланышты активдештирүүнү тапшырдым», - деди ал. 

Украинанын Айыл чарба саясаты жана азык-түлүк министрлигинен жасалган билдирүүдө Орусиянын Кара деңиз дан демилгесине кирген порт инфраструктура объектилерин кечээ кечинде бомбалаганы белгиленди.

Одесса жана Чорноморск портторундагы дан терминалдарына жана порт инфраструктурасына кол салуу болгонуна көңүл бурулган билдирүүдө: «Түнкү кол салууда Чорноморск портунун эгин экспорттоо инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү иштен чыкты. Чорноморск порту да мындан 60 күн мурда ири тонналык кемеге жүктөлүп эгин коридору аркылуу ташылышы керек болгон 60 миң тонна эгинди да жоготту»,деген маалымат бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар