БУУ 575 миллион адамдын 2030 - жылга чейин жакырчылык менен күрөшүүнү улантарын билдирди
Отчетто 2030-жылга карата дүйнөдө 575 миллион адамдын жакырчылык менен күрөшө тургандыгы, 84 миллион баланын мектепке бара албай турганы баса белгиленди.
2030 - жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 575 миллион адамдын жакырчылык менен күрөшүүнү улантаары болжолдолууда.
Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жарыяланган отчетто «нөл ачкачылыкты» камтыган 2030 Өнүгүү максаттарынын ишке ашуусундагы тобокелчиликке көңүл бурулуп, белгиленген 140 максаттын 15 пайызына гана жетиши мүмкүн экендиги ортого салынды.
Отчетто 2030-жылга карата дүйнөдө 575 миллион адамдын жакырчылык менен күрөшө тургандыгы, 84 миллион баланын мектепке бара албай турганы баса белгиленди.
БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш отчеттун кириш сөзүндө эгер азыртан чара көрүлбөсө, 2030-жылга чейин теңсиздиктин тереңдеп, дүйнөнүн майдалануу коркунучу күчөй турганын эскертти.
Экономикалык жана социалдык иштерден жооптуу БУУнун баш катчысынын орун басары Ли Жунхуа отчет билдирилген пресс - жыйында Украинадагы согуш, климаттык алмашуу, коронавирус эпидемиясынын туруктуу таасири жана бул эпидемиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына карата жок кылуучу таасири, аймактык чыңалуулар сыяктуу элементтердин баарын 2030 Өнүгүү максаттарына жетүүдөгү коркунуч катары баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салууларынын кесепети
Өлтүрүлгөн жарандардын 70 пайызын аялдар менен балдар түзөт.