Таиландда безгек оорусу тынчсыздануу жаратууда
Vietnam Plusтын Вьетнам маалымат агенттигине (VNA) таянган кабарына караганда, акыркы мезгилде өлкөдө безгек оорусу жана оорудан каза болгондордун көбөйүшү тынчсыздануу жаратууда.
Таиландда жылдын башынан бери 15 адамдын өмүрүн алган безгек оорусуна чалдыккандардын саны 19 миңден ашты.
Vietnam Plusтын Вьетнам маалымат агенттигине (VNA) таянган кабарына караганда, акыркы мезгилде өлкөдө безгек оорусу жана оорудан каза болгондордун көбөйүшү тынчсыздануу жаратууда.
Өкмөттүн басма сөз катчысынын орун басары Трайсури Тайсаранакул 12-июнда билдиргендей, жылдын башынан бери безгек вирусунан кеминде 15 адам каза болуп, инфекциянын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу 4,2 эсеге өскөн.
Тайсаранакул өлкөдө жума сайын болжол менен 900 инфекция жана 1 өлүмдүн катталып жатканын, безгек оорусуна чалдыккандардын көбү 5 шаарда, анын ичинде борбор Бангкокто катталганын кошумчалады.
Элдин саламаттыгыны сактоо министрлигинин Ооруларды көзөмөлдөө департаменти да өткөн жумада өлкөдө жалпы 19 миң 503 безгекке чалдыккан бейтаптын бар экенин билдиргендигин, инфекциялардын көпчүлүгүнүн 5 – 14 жаш аралыгындагы балдардан чыккандыгын белгиледи.
Ооруларды көзөмөлдөө департаментинин башкаруучу директору Тарес Красанаиравивонг чиркейлер аркылуу жугуучу оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн гигиеналык эрежелерди сактоо жана чиркей чыккан аймактарды жок кылуу керектигин эскертти.
Министрлик июнь айынан августка чейин жаан-чачындуу мезгилге байланыштуу оорулардын көбөйүшү күтүлүп жаткандыгын билдирди.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салууларынын кесепети
Өлтүрүлгөн жарандардын 70 пайызын аялдар менен балдар түзөт.