АКШ- Гватемала коопсуз миграция кеңселери

АКШ менен Гватемала чек ара коопсуздугу боюнча кызматташуусун тереңдетет жана мыйзамсыз миграциянын негизги себептерин жоюуну улантат.

1994423
АКШ- Гватемала коопсуз миграция кеңселери

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Гватемала мыйзамсыз миграция менен күрөшүү үчүн "коопсуз миграция кеңселерин" пилоттук түрдө ишке киргизишет.

Биргелешкен билдирүүдө, эки өлкөнүн жетекчилеринин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча бир катар жыйындарды өткөрүп, жыйынтыгында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн мыйзамсыз миграцияны "гумандуу" жол менен азайтуу жана мигранттарга карата укуктук жолдорду кеңейтүү үчүн бир катар олуттуу кадамдарды жасоого милдеттенгендери айтылды.

Ушул алкакта Гватемала жана АКШнын биринчи кадамы катары "Коопсуз мобилдүүлүк кеңселеринин" пилоттук колдонмосунун 6 айга жүргүзүлө турганы кабарланган билдирүүдө, мыйзамсыз миграцияны жөнгө салуу, АКШга жана башка өлкөлөргө мыйзамдуу жол менен кирүү, үй-бүлөнү бириктирүү жана убактылуу эмгек визаларына жетүүнү жеңилдетүү үчүн комплекстүү программанын ишке ашырыла турганы маалымдалды.

Аталган кеңселер 12-июндан тарта сайттан кезек арыздарын кабыл ала башташат.

Билдирүүдө: «АКШ менен Гватемала чек ара коопсуздугу боюнча кызматташуусун тереңдетет жана мыйзамсыз миграциянын негизги себептерин жоюуну улантат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар