Байыркы шаар Помпейде 3 адамдын сөөк калдыктары табылды

Неаполдун жанындагы байыркы Помпей шаары Италияда жыл сайын миңдеген туристтер зыярат кылган жерлердин бири.

1992845
Байыркы шаар Помпейде 3 адамдын сөөк калдыктары табылды

Италиянын байыркы Помпей шаарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде биздин замандын 79-жылы Везувий жанар тоосундагы чоң жарылууда каза болгон үч кишинин сөөк калдыктары табылды.

Италиянын Маданият министрлигинин билдирүүсүндө, Помпейде уланып жаткан казуу иштери учурунда б.з.ч 79-жылы Везувийде болгон чоң жарылууда каза тапкан 3 кишинин сөөгүнүн табылганы, булардын байыркы шаарда аныкталган акыркы археологиялык калдыктар экени айтылды.  

Бул скелет калдыктарынын чоң жарылуудан кийин лава, күл жана топурак катмарларынын астында калган байыркы Помпей шаарында окуя учурунда наабайканага баш калкалаган эки аял жана 3-4 жаштагы бир балага тиешелүү экени белгилүү болду.

Археологдордун Помпейде мифологиялык көрүнүштөрдү камтыган фрескаланган эки дубалды да табышканы кабарланды.

Маданият министри Женнаро Сангиулиано: «Бул калдыктардын табылышынын уланышы бизге Помпейде аныктала турчу канчалаган көп нерсенин бар экенин билдирет»,-деди.

Неаполдун жанындагы байыркы Помпей шаары Италияда жыл сайын миңдеген туристтер зыярат кылган жерлердин бири.



Тектеш кабарлар