Пакистанда кар көчкү алдында калган адам 28 сааттан кийин куткарылды

Бийлик куткарылган үч адам ооруканага жеткирилгенин, алардын абалы туруктуу экенин белгиледи.

1992027
Пакистанда кар көчкү алдында калган адам 28 сааттан кийин куткарылды

Пакистандын Гилгит-Балтистан аймагында кечээ кар көчкү астында калган 70 жаштагы Мухаммед Хусейн болжол менен 28 сааттан кийин куткарылды.

Dawn гезитиндеги кабарга караганда Асторе аймагындагы Шунтер ашуусунда кар көчкү астында калгандарды куткаруу иштери жүргүзүлүп, 3 адам тирүү куткарылды.

Бийликтер кар көчкүдөн жабыркагандардын бири 70 жаштагы Мухаммед Хусейндин болжол менен 28 сааттан кийин куткарылганын жарыялашты.

Бийлик куткарылган үч адам ооруканага жеткирилгенин, алардын абалы туруктуу экенин белгиледи.

Кечээ Асторе аймагындагы Шунтер ашуусундагы кар көчкүдөн кеминде 10 адам каза болуп, ичинде аялдар жана балдар да болгон 24 киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар