Грецияда өкмөт куруу иштери

Никос Андрулакис президент Катерина Сакеларопулу берген өкмөттү куруу милдетин кайтарып берди.

1990096
Грецияда өкмөт куруу иштери

Грецияда 21-майда болгон парламенттик шайлоодо үчүнчү болуп чыккан ПАСОК-КИНАЛ альянсынын лидери Никос Андрулакис президент Катерина Сакеларопулу берген өкмөттү куруу милдетин кайтарып берди.

Президент Сакеларопулу  өкмөттү куруу тапшырмасын берүү  кызмат орундугуна чакырган Андрулакис добуш берүү үкөктөрүнүн жыйынтыгы коалицияга жол бербегенин билдирип : «Өкмөт куруу милдетин кайра тапшырамын»,- деди.

Сакеларопулу шайлоонун жыйынтыгы боюнча парламентте фракциясы бар   бардык партия лидерлерин президенттикке чакырды.

Президент партия лидерлери менен жарым сааттай жолугушту.

Лидерлер жолугушуудан кийин билдирүү жасаган жок.

Президенттиктен берилген маалыматта бүгүн Сакеларопулунун Эсеп палатасынын төрагасы Иоаннис Сарма менен жолугушаары белгиленди.

Сарманын өлкөнү жаңы шайлоолорго алып баруучу убактылуу өкмөттүн премьер-министри болуп дайындалышы күтүлүүдө.

Буга чейин шайлоодон биринчи болуп чыккан «Жаңы демократиянын» лидери Кирякос Мицотакис менен экинчи партия болгон Радикалдык солчул альянстын (СИРИЗА) лидери Алексис Ципрас да коалиция түзүү үчүн керектүү шарттар жок деген негиз менен «өкмөттү түзүү милдетин» кайтарып беришкен.



Тектеш кабарлар