АКШ Түркия менен БУУнун аракеттерине ыраазы

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пател билдирүү жасады.

1987891
АКШ Түркия менен БУУнун аракеттерине ыраазы

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаменти, президент Режеп Таййип Эрдогандын Кара деңиз дан демилгесинин узартылганы тууралуу жарыясын кубаттагандарын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пател, Түркия менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бул темадагы биргелешкен аракетин күчтүү түрдө колдогондорун айтты.

Күнүмдүк пресс-конференцияда Пател, дүйнө жүзүнүн дан коридорунун маанилүүлүгүн бир нече жума сайын Москвага эскертип турбашы керектигин белгилеп: «Бир нече жума сайын Москвага убадаларын аткарып, элдин ачкачылыгын Украинага каршы согушунда курал катары колдонуусун токтотууну эскертип турбашыбыз керек. Орусияга эгиндин муктаждарга жетүүсү үчүн текшерүүлөргө бөгөт болбоосун эске салуунун кереги жок. Дүйнө Кара деңиз дан демилгесине муктаж»,-деди.

Орусиянын Украина менен болгон согушун токтотуусу керектигин айткан Пател, согуштун аякташынын айыл чарба соодасынын нормалдуу абалга келишине жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугунун олуттуу түрдө жакшырышына шарт түзөрүн белгиледи.

Экинчи жагынан, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш: «Кара деңиз дан демилгеси боюнча БУУ менен координацияда иштеген президент Режеп Таййип Эрдоганга жана түрк өкмөтүнө аракеттери үчүн ыраазычылык билдирем»,- деди.

Гутерриш демилгеге байланыштуу кээ бир көйгөйлөрдүн уланып жатканын, Орусия, Украина, Түркия жана БУУнун бул темаларды талкуулоону уланта турганын айтты.

Кара деңиз дан демилгесинин жана БУУ менен Орусиянын ортосундагы түшүнүшүү меморандумунун маанисинин абдан ачык экенине көңүл бурган Гутерриш: «Бул келишимдер дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанилүү. Украина менен Орусиянын продукциясы дүйнөнү азыктандырат. Кара деңиз дан демилгесинин негизинде 30 миллион тонна эгин экспорттолду»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар