Иран менен Россия келишимге кол коюшту

Иран менен Россия Түндүк-Түштүк коридорунун маанилүү транспорт тармагы катары эсептелген Рашт-Астара темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюшту.

1987694
Иран  менен Россия келишимге кол коюшту

Иран менен Россия Түндүк-Түштүк коридорунун маанилүү транспорт тармагы катары эсептелген Рашт-Астара темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюшту.

Иран мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда, келишимге Ирандын жол жана шаар куруу министри Мехрдад Безрпаш менен Россиянын транспорт министри Виталий Савельев борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн аземде кол коюшту.

Ирандын президенти Ибрахим Реиси катышкан аземге Россиянын президенти Владимир Путин видеоконференция аркылуу катышты.

Рейси кол коюу аземинде сөз сүйлөп, Решт-Астара темир жолу келишиминин долбоорунун 20 жыл мурда башталганын жана ар кандай себептерден улам кечиккендигин бирок азыр ишке ашырылып жатканына кубанычта экендигин айтты.

Реиси эки өлкөнүн ортосунда көптөгөн тармакта кызматташтык бар экендигин айтып : «Рашт-Астара темир жол келишимине кол коюу Иран менен Россиянын кызматташтыгындагы маанилүү жана стратегиялык кадам болуп саналат”,-деди.

Реиси келишимден Иран менен Россиянын гана эмес, Түндүк-Түштүк коридору жолундагы бардык өлкөлөрдүн да пайда көрөрүн баса белгилеп : "Түндүк-Түштүк темир жол коридору чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу болот. Чыгыш жана Түштүк Азиядан Кавказ менен Түндүк Европага өтүүчү бул жол бардык бул өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун, жакындашуунун, соода жана экономикалык кызматташтыктын көрүнүшү болот. Бул каттамдын ачылышы аймактын соодасына жана транзитине чоң салым кошот»,- деди.  

Реиси келишимдин аймактык соода, экономика жана транзитке чоң салым кошо турганын белгиледи.

Путин аземде сүйлөгөн сөзүндө курулган инфраструктура долбоорунун идеясынын 20 жылдык тарыхы бар экенин жана акыры ишке ашкандыгын айтты.

Курулган темир жолдун 162 километр узундугу менен анча чоң эмес экенине көңүл бурган Путин : «Кичине көрүнүшү мүмкүн бирокишке кириши, Түндүк -  Түштүк коридору  боюнча түз, үзгүлтүксүз же эксперттердин  айтымы боюнча үзгүлтүксүз темир жол байланышын  түзүүгө мүмкүндүк берет",-деди.

Мындай долбоордун үстүндө бирге иштешүүнүн Россия-Иран карым-катнаштарынын оң бара жатканын көрсөткөндүгүн белгилеген Путин : «Соода, экономикалык жана башка эки тараптуу байланыштарды чыңдоо Россия үчүн да, Иран үчүн да алдыңкылык болуп саналат»,- деди.  

Путин  курулган темир жолдун Санкт  -  Петербург менен Мумбай арасындагы жүк ташууну  10 күнгө кыскартарын баса белгилеп : «Жүк ташуунун көлөмү өсөт, эки мамлекеттин соода потенциалы бекемделет,  орус жана Иран товарларынын тышкы базарларга оңой жана ыңгайлуу чыгышына шарт түзөт»»,- деди.

Аймактагы инфраструктураны өнүктүрүү процессинин Азербайжан менен да биргелешип жүргүзүлүп жатканын айткан Путин жакынкы келечекте Россия, Иран жана Азербайжандын үч тараптуу жолугушуунун өтүшүн күтүшкөндөрүн  айтты.



Тектеш кабарлар