Сомалиде Эш - Шебаб кол салуулары азайды

Сомалинин премьер-министри Хамза Абди Барре террордук уюм Эш-Шабабдын кол салууларынын акыркы 6 айда 70 пайызга азайганын билдирди.

1983124
Сомалиде Эш  -  Шебаб кол салуулары азайды

Сомалинин премьер-министри Хамза Абди Барре террордук уюм Эш-Шабабдын кол салууларынын акыркы 6 айда 70 пайызга азайганын билдирди.

Барре парламенттеги сөзүндө Эш-Шабабга каршы операциялардын натыйжасында топтун кол салууларынын 70 пайызга азайгандыгы тууралуу маалымат берди.

Аскерлердин Эш-Шабабга каршы катуу күрөшкөндүгүн белгилеген Барре өлкөнүн коопсуз боло баштагандыгын баса белгиледи.

Эш - Шабаб 2000-жылдардын ортосунан бери Могадишодо түзүлгөн өкмөттү кулатууга аракет кылууда.

Сомалиде Эш - -Шабабга каршы операциялар уланып ошол эле учурда террордук уюм калктуу конуштарды жана аскердик пункттарды бутага алган кол салууларды жасоодо.

Уюм Сомалинин коңшусу Кенияда да мезгил-мезгили менен террордук актыларды ишке ашырууда.



Тектеш кабарлар