Мароккодо абактагы 1518 кишиге мунапыстык берилди
Марокко Конституциясынын 58-беренесине ылайык, король абактагыларга мунапыстык чечимин чыгара алат.
1978108
Марокконун королу Мухаммед VI Орозо айттан улам абактагы 1518 кишиге мунапыстык жарыялады.
Марокконун Адилет министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Орозо айттан улам ар кандай кылмыштардан соттолгон же кармалган 1518 кишиге Марокконун королу 6-Мухаммед тарабынан мунапыстык берилгендиги билдирилди.
Марокконун королу өткөн жылдын июль айында Курман айт майрамынан улам 979 туткунга мунапыстык берген.
Марокко Конституциясынын 58-беренесине ылайык, король абактагыларга мунапыстык чечимин чыгара алат.