Йеменде Иранга таандык кеме колго түшүрүлдү

Кеме 3 тонналык баңгизат ташып бараткан.

1971450
Йеменде Иранга таандык кеме колго түшүрүлдү

Йемен өкмөтү, Иранга таандык 3 тонна баңгизат ташыган кеменин кармалганын билдирди.

Йемендин маалымат министри Муаммар ел-Ирьяни жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жээк коопсуздук күчтөрүнүн өлкөнүн чыгышындагы Махра провинциясынын жээгинде Иранга таандык бир кемени колго түшүргөнүн белгиледи.

Кемеде 3 миң 173 килограмм баңгизаттын болгонун кабарлаган Ирьяни, 7 Иран жаранынан турган экипаждын кармалганын айтты.

Маалымат министри Ирьяни Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинен “Ирандын аймакты куралдуу кошуундар жана баңгизат ташуулар менен толтуруу аракетин” айыптоосун өтүндү.

Иран бийлиги бул маселе боюнча билдирүү жасай элек.

Йеменде Иран колдогон хуситтер 2014-жылдын сентябрынан бери борбор Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлдөп турушат.

Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү 2015-жылдын март айынан бери хуситтерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар