ЕБ жана БУУ глобалдык маселелер боюнча биргелешип иштөөнү убадалашты

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышкан ЕБ лидерлер саммитине байланыштуу ЕБ Кеңешинен жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

1964700
ЕБ жана БУУ глобалдык маселелер боюнча биргелешип иштөөнү убадалашты

Европа Биримдиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) глобалдык маселелер боюнча биргелешип иштөөгө умтуларын баса белгилешти.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышкан ЕБ лидерлер саммитине байланыштуу ЕБ Кеңешинен жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүгө ылайык, БУУ жана ЕБ учурдагы актуалдуу глобалдык чакырыктарды чечүү үчүн кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Көп тараптуулукка болгон биргелешкен милдеттенмелерин баса белгилешкен тараптар, тынчтыкчыл, адилеттүү жана туруктуу дүйнө үчүн тыгыз кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тараптар Орусиянын Украинадагы согушу уланып жаткан маалда Евробиримдик өлкөлөрүнүн БУУнун Уставына жана принциптерине толук берилгендигин ырасташты жана Орусияны Украинадан токтоосуз, толук жана шартсыз чыгып кетүүгө чакырышты.

Кара деңиз дан демилгесин талкуулаган тараптар Евробиримдиктин азык-түлүк коопсуздугу боюнча өз демилгелери менен бирге бул жаатта эффективдүү экенин баса белгилешти.

Климаттын өзгөрүшү, булгануу жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуудан турган үчтүк кризистин шартында көмүртектин чыгарылышын кыскартууну тездетүүнүн жана жаратылышка негизделген чечимдерди илгерилетүүнүн актуалдуулугун талкуулаган тараптар, бардык кызыкдар тараптарды, өзгөчө ири экономикаларды COP28ге кошкон салымдарын кайра карап чыгууга жана бекемдөөгө үндөштү.

Европа Биримдигинин лидерлери жана Гутерриш айрыкча алар өнүктүрүү каржысына басым жасаган сессияда, глобалдык чакырыктарды чечүүдө алардын ролун күчөтүү үчүн көп тараптуу өнүктүрүү банктарын реформалоого чакырды.

Евробиримдиктин лидерлери жана БУУнун баш катчысы эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүнү улантууга бел байлады.



Тектеш кабарлар