Путин кытай гезитине макала жазды

Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Москвага сапарынын алдында Кытайдын алдыңкы гезиттеринин бири болгон «Жэньминь жибао» гезитине макала жазды.

1962153
Путин кытай гезитине макала жазды

Орус президенти Владимир Путин гегемондукту айтып, дүйнөлүк ынтымакты бузган кээ бир өлкөлөрдөн айырмаланып, Орусия менен Кытай ийиндеш болуп, жалпы коркунучтарга каршы күрөшүп жатканын белгиледи.

Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Москвага сапарынын алдында Кытайдын алдыңкы гезиттеринин бири болгон «Жэньминь жибао» гезитине макала жазды.

Путин эки тараптуу соодада улуттук валютанын колдонулуш үлүшүн жогорулатуу жана карым-катнаштарды үстөмдүк кылуу маанилүү экенин белгиледи.

Орус лидери гегемонияны айтып, дүйнөнүн ынтымагын бузган кээ бир өлкөлөрдөн айырмаланып, Орусия менен Кытай чындап эле көпүрө курганын жана алар жалпы коркунучтарга каршы күрөшүп жатканын айтты.

Путин Орусия менен Кытай эл аралык укукка негизделген көбүрөөк адилеттүү, көп уюлдуу дүйнө тартибин орнотууну ырааттуу жактап жатканын айтты.

Путин:«АКШнын  Орусия менен Кытайды, ошондой эле Американын диктасына баш ийбегендердин бардыгын ооздуктоо саясаты курч жана бекем болуп баратат. Эл аралык коопсуздук жана кызматташтык архитектурасы бузулууда. Орусия «түздөн-түз коркунуч», Кытай болсо «стратегиялык атаандаш» деп жарыяланды»,-деди.

Кытайдын Украина маселесиндеги тең салмактуу сызыгына ыраазы экендиктерин белгилеген Путин, Украина менен тынчтык процессинин келечегинин геосаясий реалдуулуктарды эске алуу менен олуттуу сүйлөшүүгө даяр болушуна байланыштуу экенин белгиледи.

Орус лидер ошондой эле НАТОнун Азия-Тынч океан аймагына кирүүнү максат кылуу менен ишмердүүлүгүнө глобалдык чен-өлчөм кошууга аракет кылып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар