Украина 2022-жылдын ири курал импорттоочусу болду

Стокгольмдогу Эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институту (SIPRI) глобалдык курал трансферлерине байланыштуу отчетун жарыялады.

1959355
Украина 2022-жылдын ири курал импорттоочусу болду

Украина 2022-жылы дүйнөнүн үчүнчү ири курал импорттоочусу болду.

Стокгольмдогу Эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институтунун (SIPRI) глобалдык курал трансферлерине байланыштуу отчетуна ылайык, 2022-жылдын 24-февралында башталган Орусия-Украина согушу АКШ жана Европадан Киевге аскердик жардамдын олуттуу агымына алып келди.

Бул Украинаны 2022-жылы дүйнөдөгү үчүнчү ири курал импорттоочусу кылды.

Украина эгемендүүлүгүн 1991-жылы Советтер Союзу кулаганда алган жана 2021-жылдын аягына чейин көптөгөн ири куралдарды импорттогон. Бирок 2022-жылдын 24-февралында Орусиянын Украинага каршы баштаган согушу бул абалды олуттуу түрдө өзгөрттү.

SIPRI курал-жарактарды өткөрүп берүү программасынын улук изилдөөчүсү Питер Веземан, өткөн жылы дүйнөлүк курал трансфери азайганы менен, Орусия Украинага кол салгандан кийин Европа өлкөлөрү көбүрөөк жана тезирээк курал импорттоону каалашканын белгиледи.

SIPRI курал экспортунда узак убакыт бою АКШ менен Орусиянын үстөмдүк кылганын жана бул эки өлкөнүн акыркы отуз жылдын эң чоң эки курал экспорттоочусу болгонун билдирди.

SIPRIнин көрсөткүчтөрү, АКШнын курал экспорту 2013-2017 жана 2018-2022-жылдар аралыгында 14 пайызга өскөнүн жана 2018-2022-жылдары дүйнөлүк курал экспортунун 40 пайызын Вашингтондун ишке ашырганын көрсөтүүдө.

Бул эки мезгилдин ортосунда Орусиянын курал экспорту 31 пайызга азайса, дүйнөлүк курал экспортундагы үлүшү да 22 пайыздан 16 пайызга кыскарды.

Франциянын үлүшү болсо 7,1 пайыздан 11 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар