Франциянын эң эски атомдук станциясынан радиоактив агып чыкты

2022 - жылдын август айында бул өлкөнүн эң эски атомдук электр станциясынын реакторунда өрт чыгып, ушул убакка чейин 5 жолу радиоактивдик агып чыгуулар аныкталган.

1946287
Франциянын эң эски атомдук станциясынан радиоактив агып чыкты

Франциянын Лион шаарын электр энергиясы менен камсыз кылган өлкөнүн эң эски атомдук электр станциясынан радиоактивдин агып чыкканы аныкталды.

Өлкөнүн негизги энергия камсыздоочусу EDF тарабынан жасалган билдирүүдө 2022 - жылдын декабрь айында жасалган өлчөөлөр менен Лиондон 30 километр алыстыкта ​​жайгашкан Бугей атомдук станциясындагы эки реактордун саркынды сууларында тритийдин жогорку деңгээлде агып чыккандыгы байкалганы белгиленди.

Билдирүүдө реакторлордун биринде биринчи өлчөөлөрдө жогорку ылдамдыкта радиоактивдин агып чыккандыгы, андан кийинки өлчөөлөрдө жогорку ылдамдыкта болбосо да маанилүү өлчөмдө радиоактивдин бар экедиги белгиленди.

Ушуга карабастан, бул агып чыгуунун жыйынтыгы коркунучтуу эмес деп айтылат билдирүүдө жана радиоактивдик агымдын жер астындагы сууларга, анын ичинде ичүүчү сууга аралашуусу мүмкүн эместиги белгиленген.

Билдирүүдө 6 - январга карата радиоактивдик агып чыгуунун деңгээли коркунуч чегинен төмөндөгөндүгү белгиленди.

EDFке жакында эле техникалык тейлөөгө кайдыгер мамиле кылганы үчүн 3000 евро жазасы берилген.

2022 - жылдын август айында бул өлкөнүн эң эски атомдук электр станциясынын реакторунда өрт чыгып, ушул убакка чейин 5 жолу радиоактивдик агып чыгуулар аныкталган.



Тектеш кабарлар