Марокко падышасынын мунапысы

Король VI Мухаммеддин мунапысынан абактагы 707 киши жана түрдүү кылмыштардан соттолгон 284 адам пайдаланды.

1930972
Марокко падышасынын мунапысы

Марокконун падышасы Мухаммед VI өлкөсүнүн эгемендик документтеринин тапшырылышынын жылдыгына карата камактагы 991 адамга мунапыс берди.

Марокконун Адилет министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Король VI Мухаммеддин мунапысынан абактагы 707 киши жана түрдүү кылмыштардан соттолгон 284 адам пайдаланды.

Мароккодо өзгөчө күндөрдө салтка айланган падышалык мунапыс, кээ бир камактагылардын бошотулушу жана айрымдарынын болсо жаза мөөнөтүн кыскартуу түрүндө ишке ашырылууда.

Марокконун улуттук боштондук кыймылы менен ошол мезгилде сүргүндө болгон падыша Мухаммед V биргелешип даярдаган документтер «Марокконун көз карандысыздык документтери» деп аталат.

Аталган документтер 1944-жылдын 11-январында француз колониялык органдарына берилген. Марокконун көз карандысыздыгы үчүн алгачкы расмий кадам ташталган 11-январь өлкөдө эс алуу күнү деп жарыяланган.



Тектеш кабарлар