Кристерссон: «Швеция террористтердин базасы болбошу керек»

Кристерссон Швецияда Түркияга каршылыгы менен белгилүү болгон мурдагы социал-демократиялык депутат Налин Пекгүлдүн НАТО келишиминин алкагында Түркияга террористтердин кайтарылбашы үчүн жиберген катына жооп берди.

1915323
Кристерссон: «Швеция террористтердин базасы болбошу керек»

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон өлкөсү террорчулардын базасы болбошу керек деп билдирди.

Швецияда Түркияга каршылыгы менен белгилүү болгон мурдагы социал-демократиялык депутат Налин Пекгүлдүн НАТО келишиминин алкагында Түркияга террористтердин кайтарылбашы үчүн жиберген катына жооп берген Кристерссон: «Швеция террористтердин базасы болуп калбашы керек”,-деди.

Кристерссон Пекгүлгө жооп катары жарыялаган катында: «Терроризмге, терроризмди каржылоого же башка кылмыштарга тиешеси жоктор корко турган эч нерсеси жок. Бирок биз Швециядан башка өлкөлөргө каршы багытталганбы же жокпу айырмасы жок, Швециянын террордук база болуп калышына жол бербейбиз. Биздин өлкөдөгүдөй эле Түркиянын да өзүн террордон коргоого укугу бар. Мен бул тууралуу ар дайым ачык айттым»,-деп жазды.

Швециянын Түркия жана Финляндия менен түзгөн НАТО келишиминин артында тургандарын белгилеген Кристерссон, бул темада башка партиялардын да колдоо көрсөткөндөрүн айтты.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койду. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протокол түзгөн Анкара берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар