Зеленский дүйнө жүзүнө "Орусия" боюнча чакырык салды

Владимир Зеленский Telegram аккаунтунан Орусия-Украина согушунун 242-күнү видеокайрылуу менен бөлүшүп, акыркы окуяларга баа берди.

1896612
Зеленский дүйнө жүзүнө "Орусия" боюнча чакырык салды
zelenskiy.jpg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия өз өлкөсүнө каршы чабуулдарын улантып, карапайым калкты бутага алып жатканын, дүйнө буга катуу реакция кылышы керектигин билдирди.

Владимир Зеленский Telegram аккаунтунан Орусия-Украина согушунун 242-күнү видеокайрылуу менен бөлүшүп, акыркы окуяларга баа берди.

Орусия Украинадагы элди жок кылууга аракет кылып жатканын жактаган Зеленский: «Орусия кайсы жерде өлүм жана кыйроо алып келсе, биз кадимки жашоого кайтып келебиз. Украиндарды дал ушул нерсе тынчсыздандырат. Украина кайда болсо, жашоо эч качан токтобойт. Бирок Орусия кайда барбасын, анын артынан массалык мүрзөлөр, кыйноо лагерлери, талкаланган шаарлар жана айылдар, миналанган талаалар, талкаланган инфраструктуралар калат»,-деди.

 «Бүгүнкү күндө Орусияга эч ким ишенбейт»,- деп айткан Владимир Зеленский: «Запорожье АЭСиндеги радиациялык кырсык боюнча шантаж кылган Орусия болду. Бул орусиялык ракеталардын Украинанын өзөктүк объектилеринин үстүнөн жасалган траекториясы»,-деп айтты.

Зеленский орус күчтөрүн алар көзөмөлдөгөн Херсон аймагындагы Кахова суу сактагычына мина коюп, Украинада тыюу салынган куралдарды колдонуп жатат деп айыптап: «Мен азыр дүйнө (Орусия) мүмкүн болушунча катаал реакция кылышы керек деп эсептейм», - деп кошумчалады.

Орусиянын бүгүн бир гана Украинаны эмес бүткүл дүйнөгө өзөктүк шантаж кылууну улантып жатканын белгилеген Владимир Зеленекий дүйнө өлкөлөрүнүн буга санкция сыяктуу ар кандай жолдор менен реакция кылуусу керектигине көңүлдөрдү буруп: «Анткени алар бизди канчалык күчтүү колдошсо, бул согуш жана мүмкүн болгон орусиялык коркунучтар ошончолук эрте бүтөт»,-деп серебин салды.



Тектеш кабарлар