Владимир Путин пресс - жыйын өткөрдү

Россиянын президенти Владимир Путин президент Режеп Таййип Эрдоганга Украина менен туткун алмашуудагы ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

1893100
Владимир Путин пресс  - жыйын өткөрдү

Россиянын президенти Владимир Путин президент Режеп Таййип Эрдоганга Украина менен туткун алмашуудагы ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

Владимир Путин Казакстандын борбор шаары Астанада өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмесинен кийин пресс  - жыйында сөз сүйлөдү. 

Путин : "Президент Эрдоганга Украина менен туткундарды алмаштыруудагы ролу үчүн ыраазыбыз, дан кризиси тууралуу да активдүү роль ойноду",- деди жана : "Украина сүйлөшүүлөр үчүн даяр болгон болсо ортомчулук аракеттери талап кылынат",- деп кошумчалады. 

Путин Украинадагы согуш тууралуу : "Бүгүн болгондор жагымдуу нерсе эмес бирок туура болгон нерсе аткаруубуз керек болгонду аткарып жатабыз",- деди. "Өкүнбөйсүзбү?",- деген суроого "жок" деп жооп берди. 

Путин өзгөчө : "НАТО бөлүктөрүнүн Россия менен түздөн түз кагылышуусу глобалдык апаатка жол ачат. Муну айткандар мындай кадамдарды таштабай турганчалык акылдуу болсо керек деп ойлойм",- деди. 

Жарым-жартылай мобилизация маселесине токтолгон Путин: «Кошумча аскердик мобилизация планы жок, мобилизация алдыдагы эки жумада бүтөт»,-деди.

Чоң жыйырмалардын саммитине катышып же катышпай тургандыгына байланыштуу  Путин азырынча чечим чыгара электигин айтты. Путин АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуу үчүн себептин жок экендигин да баса белилеп Германияга каршылык көрсөттү. Орус лидер өкмөттүн НАТО менен карым  - катнаштарга алдыңкылык берүүнүн баасын төлөгөндүгүн белгилеп : "Германия Украинада НАТО тарабында орун алуу менен жаңылыштык кылды",- деди. 

 

 

 

 


 

 



Тектеш кабарлар