Россия, Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери Астанада жолугушту

Жыйында сөз сүйлөгөн Сергей Лавров Лавров Азербайжан менен Армениянын ортосундагы транспорт линияларынын ачылышы, тынчтык келишиминин даярдалышы жана эки өлкөнүн ортосундагы чек ара сызыгынын аныкталышынын күн тартибинде экенин белгиледи.

1893002
Россия, Азербайжан жана Армениянын  тышкы иштер министрлери Астанада жолугушту

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Казакстандын борбор шаары Астанада үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда жыйында сөз сүйлөгөн Лавров Азербайжан менен Армениянын ортосундагы транспорт линияларынын ачылышы, тынчтык келишиминин даярдалышы жана эки өлкөнүн ортосундагы чек ара сызыгынын аныкталышынын күн тартибинде экенин белгиледи.

Азербайжандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Байрамов  2 -  октябрда Швециянын Женева шаарында армян кесиптеши менен өткөргөн жолугушуусунда тынчтык келишиминин негизги элементтерин сунуштагандыгын, Армениядан жооп күтүп жаткандыгын айтты. 

Байрамов Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер  - министри Никол Пашиняндын Франциянын президенти Эмманэль Макрон жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен 6 -  октябрда Чехиянын борбор шаары Прагада өткөргөн төрт тараптуу  жолугушууда ар бир эки өлкөнүн бири биринин жеринин бүтүндүгү жана эгемендиктерин таануу, сый көрсөтүү жагдайында макулдашуунун түзүлгөндүгүн белгилеп, бул абалдын тынчтык келишимине кол коюу багытында алдыга жылуу катары кабыл алынгандыгын баса белгиледи. 

Экинчи Карабах согушунан кийин (2020-жыл 27-сентябрь – 10-ноябрь ) Россия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда кол коюлган, Армения тарабынан ишке ашырыла элек үч тараптуу декларациялардын ишке ашырылышы керектигин белгилеген Байрамов Армениянын Азербайжан жерлерине жайгаштырган миналардын жана мина  карталарынын  Азербайжанга толук  берилбей  жатышы олуттуу маселе экендигин белгиледи.

Армениянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Мирзоян эки өлкөнүн чек арасында жаңы кагылышууларды болтурбоо үчүн чек арада эл аралык мониторинг жана көзөмөл механизминин ишке ашырылышы керектигин белгиледи. Тараптар үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү  кийинки мезгилде да улантуу боюнча келишти. 

 

 



Тектеш кабарлар