Нигерияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны көбөйдү

Вирустан 4 кишинин каза болгондыгу эске салынган билдирүүдө, эпидемиянын борбор шаар Абуджа менен бирге 29 облуста жайылышын улантканы кабарланды.

1875719
Нигерияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны көбөйдү

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигерияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны 220га жетти.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) билдирүүсүндө, бир жумада вирустун 48 кишиде табылганы, өлкөдө жуктургандардын санынын 220га жеткени белгиленди.

Вирустан 4 кишинин каза болгондыгу эске салынган билдирүүдө, эпидемиянын борбор шаар Абуджа менен бирге 29 облуста жайылышын улантканы кабарланды.

Эндемикалык вирус себеп болгон сейрек оорулардын бири болгон маймыл чечеги Конго жана Батыш Африка түрү болуп 2ге бөлүнөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга, кээде адамдан адамга жугуучу вирус ысытма жана кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.



Тектеш кабарлар