БУУ дан өткөрүү боюнча Түркияга ыракмат айтты

Гриффитс "Стамбул дан келишими" үчүн аракет кылган түрк жетекчилерге ыракмат айтты.

1861200
БУУ дан өткөрүү боюнча Түркияга ыракмат айтты

БУУ коопсуз дан өткөрүү тууралуу  Түркияга ыракмат айтты.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысы Мартин Гриффитс БУУнун Нью - Йорктогу штаб - квартирасында  өткөн басма сөз жыйынында сүйлөдү.

Гриффитс 24 -  февралдан бери уланып жаткан Украина  -  Россия согушунан улам Кара деңизде чыга албай калган дандын эл аралык базарга чыгышына мүмкүнчүлүк түзгөн "Стамбул дан келишими" үчүн аракет кылган түрк жетекчилерге ыракмат айтты. 

Түркиянын Украина портторунан коопсуз дан ташуу аракетине көңүл бурган Мартин Гриффитс : "Түрия жана  армиясы менен бирдикте Стамбулда Биргелешкен Координация Борборунда отуруу биз үчүн абдан маанилүү. Түркия жана түрк армиясы бул бардык сүйлөшүүлөрдүн борборунда орун алды жана бул үч айлык убакытта көптөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү",- деди. 

Кара деңизден көөпсуз түрдө  азык - түлүк ташуу үчүн 22 - июлда Президент Режеп Таййип Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин катышуусунда Украина жана Россия менен «Стамбул дан келишимине» Стамбулда Долмабахче сарайындагы президенттик кеңсесинде кол коюлган.

Кара деңизден дан азыктарын коопсуз ташуу үчүн түзүлгөн Биргелешкен координациялык борбор 27-июлда Стамбулдагы Улуттук коргонуу университетинин кампусунда иштей баштаган.

 



Тектеш кабарлар