Маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүүдө

Тедрос Аданом Гебреисус, маймыл чечеги эпидемиясына байланыштуу акыркы абалдарды бөлүштү.

1860366
Маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүүдө

Дүйнөдө маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын санынын 18 миңден ашканы билдирилди. 

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСCУ) башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус уюмдун Женевадагы башкы кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйында, маймыл чечеги эпидемиясына байланыштуу акыркы абалдарды бөлүштү.

ДССУнун ушул убакка чейин 78 өлкөдөн 18 миң учурду тастыктаганын белгилеген Гебреисус: "Учурлардын 70 пайызын ДССУнун Европа аймагы, ал эми 25 пайызын Америка аймагы түзөт",- деди.

Ооругандардын 10 пайызынын ооруканага жаткырылганын кабарлаган Гебреисус: «Өлкөлөр, коомчулуктар жана жеке адамдар бул тобокелге олуттуу мамиле жасап, жайылышын алдын алуу үчүн керектүү чараларды көрүшсө бул эпидемия токтотулушу мүмкүн»,-деп баа берди.

 



Тектеш кабарлар