Мароккодо болгон токой өрттөрү

Марокконун түндүгүндө  эки күндөн бери болуп келе жаткан жана 1000 гектардан ашуун токой аянтына зыянын тийгизген өрттөр көзөмөлгө алына албады.

1855431
Мароккодо болгон токой өрттөрү

Марокконун түндүгүндө  эки күндөн бери болуп келе жаткан жана 1000 гектардан ашуун токой аянтына зыянын тийгизген өрттөр көзөмөлгө алына албады. 

Марокко маалымат агенттиги МАПка маалымат берген Улуттук токой жана климаттык тобокелчиликтерди башкаруу боюнча директору Фуад   ел  -  Ассали өрттөрдүн Ел  -  Араис, Лараш, Титван, Увзан жана Таза аймактарында  эки күндөн бери уланып жаткандыгын маалымдады. 

Ассали өрттөргө көп сандаган топтун унаалар жана учактар менен кийлигишкендигин белгилеп, армия күчтөрүнүн да өрт өчүрүү иштерине жардам бергендигин айтты. 

Көпчүлүгү Лараш жана Увзанда болуп 1000 гектардан ашуун токой аянтынын зыян тарткандыгын айткан Ассали шамалдын жана ысык абанын топтордун кийлигишүүсүн кыйындатып жаткандыгын баса белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар