Бельгияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны үч эсеге көбөйдү
Бельгияда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру 19-майда катталган.
Бельгияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны бир айдын ичинде үч эсеге көбөйүп 52ден 168ге жетти.
Sciensano Коомдук Саламаттыкты сактоо Улуттук Институтунун маалыматы боюнча, бир айга жетпеген убакытта Бельгияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны үч эседен ашты.
Июнь айынын ортосунда 52 болгон учурлардын саны 168ге жетти.
Бельгияда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру 19-майда катталган.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1-июлдагы билдирүүсүндө, Европада акыркы 2 аптада маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны үч эсеге көбөйүп, учурлардын саны кеминде 4500гө жеткенин кабарлаган.
Тектеш кабарлар
Акш, Израиль жана Египет «Рафах» маселесин талкуулашты
Египеттин ММКлары эгер Израиль Рафахтан чегинбесе, Египет чек арасын ачпай турганын билдирди.
Француз жана испан дыйкандарынын нааразылыгы
Жүздөгөн трактор менен чек арага келген дыйкандар өтмөктү тосушту.