Камерунда 11 экипаждуу учак кырсыкка учурады
Учактын гуманитардык жардам алып бара жатканы белгилүү болду.
1825850
Камерундун борбору Яундеде 11 экипаждуу учак токойлуу аймакта кырсыкка учурады.
Транспорт министрлигинен берилген маалыматта учактын Нсимален аэропортунан учкандан көп өтпөй радио байланышынын үзүлгөнү белгиленди.
Билдирүүдө учактын 11 экипажы менен Яунде шаарынан 130 километр түндүктөгү Нанга-Эбоко аймагындагы токой аянтында кырсыкка учурагандыгы белгиленди.
Учактын гуманитардык жардам алып бара жатканы белгилүү болду.