Франция Украинага каржылык колдоо көрсөтөт

Ле Дриан France 5 каналына билдирүү жасады.

1778777
Франция Украинага каржылык колдоо көрсөтөт

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Орусиянын Украинага кол салышы үчүн бардык элементтердин түзүлгөнүн билдирди.

Ле Дриан France 5 каналындагы билдирүүсүндө, Украина-Орусия кризисиндеги чыңалуунун күчөгөнүн жана бул чыңалуунун тез арада басаңдатылышы керектигин маалымдады.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Украинанын өз эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө ээ болушуна тоскоол болгусу келгенин» билдирген Ле Дриан, Орусиянын Украинага кол салышы үчүн бардык элементтердин түзүлгөнүн айтты.

Ле Дриан Украинанын эгемендиги же аймактык бүтүндүгү Орусиянын кол салуусунан жабыркаса, Москвага санкция киргизилерин белгиледи.

Украинага каржылык колдоо көрсөтө тургандарын, бирок аскер жиберүүнү пландабагандарын билдирген француз министри, Путиндин алдагы «тобокелдиктерди» билиши үчүн «баш тарттыруучу чараларга» кайрыла тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар