Кытайда 400 жылдык айыл үйлөрү күлгө айланды
Шаар турмушунан алыс, салттуу үйлөрдөн турган айыл Кытайдын негизги туристтик борборлорунун бири болгон.
1583804
Кытайдын Юннан аймагында өлкөнүн акыркы уруусу катары билинген валар жашаган Вендинг айылы толугу менен өрттөндү.
Айылдын саман үйлөрү өрттүн ылдам жайылышына себеп болду. Бардык үйлөр күлгө айланган өрттө өлүм - житим болгон жок. Окуя тууралуу териштирүү баштатылды. Шаар турмушунан алыс, салттуу үйлөрдөн турган айыл Кытайдын негизги туристтик борборлорунун бири болгон.