Террордук уюм ЙПГ/ПККнын ичинде кирешеге үстөмдүк кылуу талаштары болуп жатат

ЙПГ/ПККнын корбашчыларынан «Мазлум Абди» каймана аттуу  Ферхат Абди Шахин жана анын жанындагы террористтер, аталган башкарууга каршы уюмдагы карама-каршы үндөрдү басуу жана көбүрөөк киреше табуу үчүн аракет көрүштү.

1540475
Террордук уюм ЙПГ/ПККнын ичинде кирешеге үстөмдүк кылуу талаштары болуп жатат

Сирияда ЙПГ/ПКК басып алган аймактар, акыркы убактарда террордук уюмдун мүчөлөрүнүн ортосунда киреше булактарынын үстөмдүгүнө байланыштуу жеке кызыкчылыкка жана ички талаш-тартыштарга негизделген пикир келишпестиктерге сахна болууда.

ЙПГ/ПККнын корбашчыларынан «Мазлум Абди» каймана аттуу  Ферхат Абди Шахин жана анын жанындагы террористтер, аталган башкарууга каршы уюмдагы карама-каршы үндөрдү басуу жана көбүрөөк киреше табуу үчүн аракет көрүштү.

Террористтердин корбашчысы Ферхат Абди Шахиндин командасы, ушул максат менен «коррупция менен күрөшүү» деген аталышта ЙПГ/ПККнын өзүн-өзү башкаруу деп аталган террордук уюмунун айрым корбашчыларына жана алар менен иштеген соодагерлерге каршы операция баштады.

Ушул алкакта Хасеке провинциясынын Тель Хакар, Салихийе жана Эль-Муфти айылдарында акыркы 3 күндө уюм тарабынан кеминде 14 адам барымтага алынды же уурдалды.

ЙПГ/ПКК террористтери бул адамдардын үйлөрүн жана жумуш орундарын тинтүүгө алышты.

Барымтага алынгандардын арасында ЙПГ/ПКК тарабынан түзүлгөн Хасеке муниципалитеттери жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин теңтөрагасы Абдулгафур Осо дагы бар экендиги көңүлдү бурду.

Жарандык согушка чейин катардагы дүкөнчү болгон Осо, террордук уюмдун кадрларына кошулгандан кийин уюмдагы кызматынан пайдаланып аймактагы эң байлардын катарына кошулган.



Тектеш кабарлар