Франция үлкү очокторун жабууда

Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин өлкөдө "Бозкуртлар" (Боз карышкырлар) деп аталган үлкү очокторунун (идеалисттик кломтолордун) ишмердүүлүгүнө тыюу салынарын жарыялады.

1520829
Франция үлкү очокторун жабууда

Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин өлкөдө "Бозкуртлар" (Боз карышкырлар) деп аталган үлкү очокторунун (идеалисттик коломтолордун) ишмердүүлүгүнө тыюу салынарын жарыялады.

Дарманин Улуттук Ассамблеянын Мыйзам Комитетиндеги билдирүүсүндө, министрлер кеңеши тарабынан "Боз карышкырлар" деп аталган үлкү  очокторун жабуу чечими кабыл алынат деп билдирилди.

Дарманин өлкөдө Еммануэль Макрон кызматка келгенден бери акыркы 3 жылда 43 мечиттин жабылгандыгын айтып, Макрондун мурунку президенттерге караганда көбүрөөк мечиттерди жапканын белгиледи.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Вьенна шаарында 28-октябрда Арменияны жактаган  демонстранттар А7 унаа жолун жаап жумушка бара жаткан түрктөргө кол салган окуяда 5 адам жаракат алган. Алардын төртөөсү түрк болгон.

Бул окуядан кийин Лион жана Дижон шаарларындагы түрктөр армян демонстранттарынын зордук - зомбулугуна каршы жөө жүрүш уюштуруп, полиция түрктөргө көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишип, катышуучуларга айып пул салды.

Айрым француз бийликтери жана саясатчылары армяндардын зордук - зомбулугуна эч кандай каршылык көрсөтпөстөн жөө жүрүшкө чыккан түрктөрдү депортациялоо керектигин айтышты.



Тектеш кабарлар