Орусия Иран төңкөрүш гвардиясынын террордук уюм тизмесине киргизилишине каршы

"Вашингтондун кадамдары Иран менен түзүлгөн атомдук келишимди бузуу".

824505
Орусия  Иран төңкөрүш гвардиясынын террордук уюм тизмесине киргизилишине каршы

АКШнын Иран төңкөрүш гвардиясын «террордук уюмдар тизмесине» алуу планына Орусия да каршы чыкты. Кремилдин  Афганстан атайын өкүлү Замир Кабулов АКШнын Иран төңкөрүш гвардиясын «террордук уюм тизмесине» алуу планына оң карабагандыгын айтты. Кабулов : «Биз буга оң карабайбыз жана Иран төңкөрүш гвардиясына да террордук уюм катары карабайбыз»,- деди. Кабулов Вашингтондун бардык кадамдарын Иран менен түзүлгөн атомдук келишимди бузуу үчүн таштагандыгын да баса белгилеп, Төңкөрүш гвардиясынын террордук уюм тизмесине киргизилишинин Сирия үчүн да таасири болорун баса белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трмптын бул жумада Иран менен P5+1 өлкөлөрүнүн арасында түзүлгөн 2015 -  жылдагы атомдук келишимди «бузушу» мүмкүн экендиги белгиленүүдө. Трамптын Иран төңкөрүш гвардиясын «террордук уюм тизмесине» киргизери билдирилүүдө.



Тектеш кабарлар