Президент Желал Талабани дүйнөдөн кайтты

Германияда дарыланып жаткан Желал Талабанинин көз жумганы билдирилди

819497
Президент Желал Талабани дүйнөдөн кайтты

Ирактын 6-президенти Желал Талабани Германияда көз жумду.

Көптөн бери ооруп жүргөн Талабани 2012-жылдын 17-декабрында Ирактын борбор шаары Багдадда мээсине кан тамып кеткен болчу.

Талабани андан соң дарылануу үчүн тез жардам учагы менен Германиянын борбор шаары Берлинге алып барылды.

Бул жерде 579 күн дарыланган Талабани, 2014-жылдын 20-июлунда Ирактын Сулеймание шаарына кайтты.

Сентябрь айында кайра ооруп калган Талабани кайрадан Германияга алып барылды.

Бирок дарыланып жаткан ооруканада мээсине кан тамгандыгынын себебинен каза болду.



Тектеш кабарлар