Казакбаев: "Мамлекеттин түптөөчүлөрүн аталар деп атоо салты бар"
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Түрк маданиятын таанытуу уюму ТҮРКСОЙ, Кыргыз Республикасынын Түркиянын Болу шаарындагы ардактуу консулдугу менен биргелешип, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 33 жылдыгына карата Түркиядагы кыргыз жарандарын жана түрк туугандарын Анкаранын Гөлбашы муниципалитетинин салымы менен Гөлбашыдагы «Ататүрк» жээк паркына чогултуп, майрамдык маанай тартуулады.