Тарыхый Чаталхөйүк аянты

Түркияда туризм-15

1177465
Тарыхый Чаталхөйүк аянты

 

Чаталхөйүк неолит доорундагы аянт

Түркияда адам баласынын байыркы доорлоруна таандык көп сандаган отурукташуу жерлери бар... Чаталхөйүк неолит доорундагы аянт булардан бири болуп саналат.

Чаталхөйүк; бүгүнкү күндөн 9500 жыл мурдагысына жеткен тарыхый процессте адамзаттын социалдык жана маданий өнүгүүсү тууралуу теңдешсиз калдыктарды тартуулап турат. Бул аймак, айыл-чарба коомчулугуна жана отурукташкан турмушка күбө болгон теңдешсиз археологиялык аянт...

Ортоңку Анадолуда Кония облусунун Чумра районуна 11 км алыстыкта орун алган Чаталхөйүк, адамзаттын алгачкы отурукташкан жерлеринен бири катары кабыл алынган жана археологиялык табылгаларга караганда орто эсеп менен 8 миң кишини батырганы божомолдонууда. Жакшы сакталган неолит доорундагы отурукташкан жердин сейрек мисалы болгон байыркы шаар, ысымын чыгыш жана батыш багыттарында орун алган эки адырдан алган. Бардык бул өзгөчөлүктөрүнөн улам 2012-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде...

Адырлар, жер титирөөлөр жана согуштардын натыйжасында урандылардын үстү-үстүнө жыйылуусу менен пайда болгон. Ушул себептен ар башка даталарга таандык көп катмардуу археологиялык калдык аянтын түзүүдө.

Чаталхөйүктөгү чыгыш жана батыш адырлары ар башка бийиктиктеги эки дөбөчө формасында...Чыгыш адырындагы казуулардын натыйжасында 18 неолит доорундагы катмар жарыкка чыгарылган. Б.з.ч. 7000-жылдарга таандык катмарларда, отурукташкан турмушка өтүүнү көрсөткөн көп сандаган калдык жана маалыматты камтыйт. Ошондой эле архитектура жана искусство чыгармаларын да камтыган маанилүү архивди түзгөн.

Батыш адыры болсо б.з.ч. 6000-жылдарга жетүүдө жана калколит дооруна таандык өзгөчөлүктөргө ээ.  14 гектардык аянтка жайылган адырлар, 2000 жылдардан ашык убакыттан бери отурукташуу борбору катары колдонулган.

Чаталхөйүктөгү үйлөрдүн көлөмдөрү жана отурукташуу тартиптери, коомдук жана теңдештик идеалдарына таянган байыркы шаарлашуунун мисалын көрсөтүүдө. Үйлөрдүн эң белгилүү өзгөчөлүктөрү; бирдей көлөмдө болгондору жана ичине чатырда ачылган тешиктен тепкичтерге кирилгени. Үйлөр жанаша салынган. Бул абалдын божомолдонгон себеби; үй-бүлөлүк байланыштардын күчтүү болушу жана адамдардын коллективдүү жашоону тандашы.

Дубалдарда геометриялык формалар, жылдыздар, гүл мотивдери, аң уулоо, бий, бука, кийик жана кочкордун сүрөттөлүштөрү бар.

Чаталхөйүк неолит доорундагы үйлөрдүн удаама-удаа салынышынын себебинен көчөсү жок. Чатырлардын үстү көчөнүн ордуна колдонулган, ошондуктан ташуу иштери тамдардын үстүнөн жүргүзүлгөн.

Казуулардын натыйжасында Чаталхөйүктө алгачкы жайгашкандардын аңчы-чогултуучу коомчулук болгону, андан кийин талаачылыкты баштагандары түшүнүктүү болду. Буудай, арпа жана буурчак эгилген алгачкы өсүмдүктөр болгон. Талаа менен бирге мал чарбасы менен алектенишкен; уй жана койлор үй жаныбарларына айлана баштаган.

Чыгыш адыр катмарында жасалган казууларда көп сандаган Эне теңир айкелчелери табылган. Бышкан чоподон, мармардан же акиташ ташынан жасалган айкелчелердин бойлору 5 сантиметрден 15 сантиметрге чейин жетет.

Чаталхөйүктөгү археологиялык казуулар бүгүнкү күндө да уланууда.

Миңдеген жыл мурда жашаган адамдардын үйүнө, шаарына кызыгып Конияга барган саякатчыларга сунушубуз; Анадолунун бул абдан бай тарыхый өтмүшү болгон шаарындагы музейлерди, мечиттерди, сарайларды, өзгөчө Мевлана музейин кыдырбастан, атактуу колго токулган токумаларын албастан, даамдуу Кония тамактарынан ооз тийбестен кайтпаңыздар.

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар