Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын милдети

Түркиянын жардам мекемелери-8

1150906
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын милдети

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын милдети

Урматтуу окурмандар Түркиянын жардам мекемелери аттуу программабызда Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгын (YTB) таанытууну улантабыз.

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү диаспора иш-аракеттери эми жалгыз гана атуулдук байланышы менен чектелип калбайт; Орусия, Англия, Франция, Индия жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдө эң мыкты мисалдарын көргөнүбүздөй, диаспора аныктамасы тарыхый жана маданий байланыштарга ээ болгон коомчулуктарды да ичине камтыган байланыш менен кеңейтилүүдө.

Маанилүү маданият жана цивилизациянын өкүлдүгүн кылган Түркия менен орток баалуулуктарга ээ болгон жана «боордош» деп аталган өлкөлөр да ушул алкакта өлкөбүздүн «маданий диаспорасын» түзүп турат. Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) жер жүзүнүн чоң бөлүгүн ээлеген Боордош коомчулуктар менен орток мурасыбызды коргоочу жана арабыздагы кызматташтыкты шыктандыруучу иш-аракеттерди, өлкөбүздүн тарыхый жана маданий тереңдиктерине ылайыктуу диаспора түшүнүгүнүн да талабы болуп эсептелет. Айрыкча Боордош коомчулуктарыбыздын атуулдук диаспорасы менен Түркиянын атуулдук диаспорасы көп өлкөдө жанаша жашап, мигрант укуктары жаатында биргелеше иш-аракет кылууда, ушундайча өлкөбүздүн атуулдук диаспорасы менен маданият диаспорасы бири-бирилерин толуктоочу өзгөчөлүккө да ээ болууда.

Тектеш коомчулуктарыбыз менен арабыздагы карым-катнаштарды илимий жана адамзат негизинде узун мөөнөтүү аспектке ээ кылган эң маанилүү эмгектерден бири да «Түркия стипендиялары» маркасы менен таанылган эл аралык студенттик иш-аракет болуп саналат. Көпчүлүгү Боордош коомчулуктардан келген эл аралык студенттер, Түркиянын университеттеринде өлкөлөрү муктаж болгон тармактарда билим алып, тийиштүү өлкөлөр менен арабыздагы эки тараптуу пайда табуу жана тажрыйба бөлүшүүнүн негизиндеги карым-катнаштарга салым кошууда. Бул студенттер, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) катары түптөлүүлөрүнө жалпы дүйнөдө колдоо көрсөтүлгөн Түркиянын Бүтүрүүчүлөрү коомдору аркылуу бүтүрүп кетишкенден кийин да өлкөбүз менен байланыштарын улантышууда. Ушундайча дүйнөдөгү билим берүүгө жетишүү үчүн деңгээлин жогорулаткан Түркия, ошол эле убакта өзүнүн тынчтык жана кызматташтык түшүнүгүнө жакын кызыкдар болгон, глобалдык планда «симпатия диаспорасына» да ээ болууда.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) глобалдык мүнөздөгү бул иш-аракеттери, өлкөнүн кызыкчылыктары менен эл аралык коомчулуктун кызыкчылыктарынын бири-бирилерине карама-каршылык жаратпаганынын, тескерисинче бири-бирилерине толуктоочу мүнөздө боло ала тургандарынын эң сонун мисалдарынан бири болуп саналат.

 

 

 



Тектеш кабарлар