Памуккале...

Түркияда туризм-6

1143539
Памуккале...
thumbnail_33397,unescopamukkale2jpg.jpg
pamukkale
pamukkale.jpg
pamukkale.jpg
pamukkale棉花堡
pamukkale棉花堡

Памуккале...

Памуккале Түркиянын табигый кооздукка ээ аймактарынан бири...Аймактагы байыркы шаар Иераполис менен бирге 1988-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алып, бир эле убакта маданий жана табигый мурас катары кабыл алынган.

***

Памуккале; Түркиянын батыш жагында Эгей аймагында Денизли облусунун территориясында орун алган. Чал тоосунун (Чалдагынын) түштүк этектеринен келген калций кычкылын (СаO) камтыган суулар түзгөн көркөмдүү ак травертиндер керемет кооздукту тартуулап, көргөндөрдү суктандырып турат...

Памуккаленин травертиндеринин узундугу  2700 метр жана бийиктиги 160 метрди түзөт...Ушул себептен жаркырак ак түсү менен абдан алыстан эле көрүнүп турат.

Денизлиден 2 чакырым алыстыкта орун алган, айрыкча ар түрдүү ооруларды айыктарганынан шыпаалуу суулары менен да атагы чыккан...Суусунун температурасы 35-36 градуска жеткен беш ысык суу арашаны бар.

Аймактагы Иераполис археологиялык шаар, байыркы доорлордон учурубузга дейре жеткен эң көзгө урунган борборлордон бири. Кеч Эллинисттик жана эрте христиандык доорлоруна таандык калдыктарды камтыйт.

Байыркы шаардын б.з.ч. 2-кылымда Бергама королдорунан 2-Эвмен тарабынан курлганы, атын болсо Бермананын куруучусу Телефостун жубайы Иерадан алганы айтылат. Христиандыктын жайылуусунда маанилүү ролдордон бирин милдеттенген Иераполис, ошондой эле ыйык Исанын 12 апостолдорунан бири болгон Азиз Филипп өлтүрүлгөн шаар. Ушул себептен б.з. 4 кылымында анын жаркын элеси үчүн диний борбор деп жарыяланган. Кийинчерээк Чыгыш Рим империясына өтүптүр жана Эпископтук борбору болгон.

Булактарга караганда Иерополис; убагында металл жана таш иштетүү, токума кездемелери менен атагы чыккан шаар...

**

Теңдешсиз табигый кооздукка ээ болгон Памуккалеге жана байыркы шаар Иерополиске барып калсаңыз, аймактагы шыпаалуу сууларды ичпестен, апакай травертиндерде басып, анын үстүнөн күндүн батышын байкабастан, жакын аралыктагы үңкүрлөрдү жана шаркыратмаларды көрбөстөн кайтпаңыз.

Айрыкча Денизлинин атактуу колго токулган токумаларынан алууну, жергиликтүү тамактардан пиде жана кебабдын даамын татууну сунуштайбыз...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар