Евангелизм; Теңирди кыяматка, адамзатты апаатка мажбурлоо

Глобалдык перспектива-32

1028395
Евангелизм; Теңирди кыяматка, адамзатты апаатка мажбурлоо

Евангелизм; Теңирди кыяматка, адамзатты апаатка мажбурлоо

Акыркы мезгилдерде Түркия саясатында жана ФЕТӨ калтырган өлүм менен коштолгон мурастын себебинен тынымсыз түрдө дин менен мамлекет карым-катнаштарын талкуулап жатабыз. Көбүнчө жашаган өлкөлөрдөгү фактылардын бир гана бизге таандык экенин ойлоп, капа болуудабыз. АКШнын кечил Брансон себеби менен Түркияга карай санкция киргизүү чечими, бул абалдын мындай эмес экендигин дагы бир жолу көрсөттү.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Түркиянын коомдук пикири 15-июлдан кийинки ага багытталган айыптоолордун алдында ондогон жылдар бою Түркияда миссионердик иш-аракетин жүргүзгөн Брансондун бар экенин да билген эмес. ПКК жана ФЕТӨгө колдоо көрсөткөнү менен күнөөлөнгөн кечил Брансондун камакта жатканынын себебинен АКШнын Түркияга карай санкция киргизүү чечими, АКШдагы дин жана мамлекет карым-катнаштары боюнча ой толгообузга жол ачты. АКШ тарабынан дин эркиндиги жагдайында баа берилсе дагы, бул окуя АКШдагы дин жана мамлекет карым-катнаштарына кайрадан көз чаптыруубузга мажбурлады. Анткени АКШнын мыйзамдарды, башка өлкөлөрдүн эгемендиктерин тоготуп койбогон маалымдоолорун башкача түшүнүүбүз мүмкүн эмес.

Бир өлкөдө дин менен мамлекет карым-катнаштарынын шайкеш болушу негизинен сынга алына турган абал эмес. Анын тескерисинче бул абал диний эркиндиктер жагынан абдан оң абал болушу мүмкүн. Ошондуктан Европадагы гильотиндерден, диний фанатизмдерден качкандар курган АКШ, акылуу түрдө жакынкы убактарга дейре диний эркиндиктер дагы оңой жашалган өлкө катары көрүндү.

Дин менен мамлекеттин карым-катнаштарынын шайкеш болушунан тышкары бир өлкөнүн диний мамлекет болушу да ошол абалы менен сынга алына турган жагдай эмес. Айырмачылыктарга жактыруу менен мамиле кылган, дин көпчүлүктү түзгөнү айтылган бир диндин мамлекети, эркиндиктер жана адам укуктары жагынан маселе жаратпашы мүмкүн. Ал эмес мындай абал, өлкөлөрдүн империалисттик изденүүлөрүнө бөгөт боло алат. Дин таасирдүү болгон Осмон мамлекетин ишке ашыруу бул абалдын так мисалы болуп саналат.

Каршы чыгылышы керек болгон нерсе диндердин мамлекеттер менен негизги укук жана эркиндиктер жагынан шайкеш карым-катнаштарга ээ болгону эмес, бир мамлекеттин бир динди өз империалисттик кызыкчылыктары багытында инструментке айландырышы болуп саналат. Мунун тескерисинче да бир диндин бир мамлекетти кайсы бир принцип, баалуулук, чектөө койбостон өз империалисттик кызыкчылыктарынын алкагында инструментке айландыруусуна дагы каршы чыгылышы керек. Дин жана мамлекет карым-катнаштарынын эң жаңылыш орнотулган формасына, дин мамлекети болгон Израиль же болбосо мамлекеттик дини болгон сионизм мисалы көрсөтүлө алат. Кылымдар бою чогуу жашаган мусулмандар, христиандар жана еврейлер, Израилдин башкаруусунда чогуу жашай алгыс абалга келди.

Кайрадан АКШга кайтсак, бир евангелист болгон Брансондун жана Түркияга санкция киргизилиши үчүн болгон күчү менен аракет кылган АКШнын вице-президенти Майк Пенстин ошол диний топтун мүчөсү экени айтылууда. Америка коомчулугунда, саясатында, бюрократиясында евангелисттердин абдан таасирдүү экендиктери, АКШда 90 миллион евангелист бар экени, мурдагы президенттерден Рейган жана бала Буштун дагы евангелист болгону белгиленген. Ошондуктан Брансон окуясынын Түркияга гана эмес, АКШ жана евангелизмге тиешелүү болгону көрүнүп турат.

Евангелизм деген эмне?

Бул темада эң оболу айтылышы керек болгон евангелизмдин православ же католик эмес, протестанттыктын ичинен бөлүнүп чыккан диний түзүм же сектант экени. 19-кылымда айырмалана баштаганы айтылат. Евангелизм сөзүнүн мааниси «ыйык китепке багытталуу» дегенди туюнтат. Ыйык китеп дегени бир гана христиандар үчүн ыйык болуп саналган Библияга эмес, ошол эле убакта еврейлер үчүн да ыйык болуп саналган мурдагы Ахитболуп саналат. Кайрадан формаланган бул протестант түзүмгө караганда дүйнө жүзүнүн акырында барып христиандык бүткүл дүйнөгө ээ болот жана андан кийин кыямат кайым болот. Ал эми бул абал өз нугунда кетсе узун процесс болуп эсептелет.  Евангелисттерге караганда ушул себептен бул процесс ылдамдатылышы керек. Берки христиандардан бөлүнгөндөрүнүн эң так мисалы жөөттөрдүн тандалган улут жана өздөрүнө убада кылынган жерлердин алардын укугу болгонуна жана бул жерлерге ээ болуулары үчүн христиандардын аларга сөзсүз колдоо көрсөтүүлөрү керектигине ишенүүлөрү болуп саналат.

Бул аптада ТРТнын «Түркия үнү» радиосундагы «Чешми Жихан» аттуу программасына мейман болгон доц.др.Өзжан Гүнгөрдүн белгилеп кеткениндей евангелизмдин бүткүл дүйнөгө эгемен болуусу үчүн жети баскыч менен процесс ылдамдатылган. Алгачкы баскычта жөөттөр Палестина жерлерине кайтышат. Бул баскыч чоң катыш менен ишке ашты. Экинчи баскыч Түркиянын бир бөлүгүн да ичине камтыган Чоң Израилдин курулуусу. АКШнын Жакынкы Чыгышта Израилди шартсыз колдоосунун, бүткүл дүйнөнүн каршы чыгуусуна, БУУда дээрлик жалгыз калганына карабастан Кудсту Израилдин борбор шаары катары кабыл алуусунун себеби, айрымдарына караганда евангелизмдин АКШ саясатындагы таасири болуп саналат. Чындап эле бул кадамдарды рационалдуу негизге отургузуу мүмкүн эместей көрүнүүдө.

Үчүнчү баскыч, Библиянын билдирүүсүнүн бүткүл дүйнөгө жеткирилиши болуп саналат. Кечил Брансон он жылдан ашуун убакыттан бери ушул максат менен Түркияда жүрсө керек. Бирок бир гана Түркияда эмес, мусулман өлкөлөр башында турган көп сандаган өлкөдө евангелист миссионерлер тыгыз иштеген жана өзгөчө Африкада миллиондогон адамды христиандаштыргандары белгилүү...

Төртүнчү баскыч 7 жылга созула турган апаат мезгили болуп эсептелет.

Бешинчи баскыч Азирети Иса экинчи ирет бул дүйнөгө келет.

Алтынчы баскыч евангелисттердин лидерлигинде Армагеддон согушу болот. Жер шарында жакшылар жана жамандар айыгышкан дүйнөлүк согушка киришет жана «жакшылар» жеңет. Ал эми бул согуштан кийин евангелизмдин өкүмдарлыгы сөз боло тургандыктан, бул согуштун тез арада башталышы үчүн Израиль чоңойтулушу керек.

Жетинчи баскычта бүткүл дүйнөгө христиандык өкүмдарлык кылат жана кыямат кайым башталат.

Көрүнүп турганындай евангелизм алтынчы баскычка дейре сионизмдин максаттарына дал өзүндөй шайкеш келүүдө. Ушул себептен евангелисттерге «Сионист христиандар» деп аташат.

19-кылымда негизинен еврейлик дагы, мусулмандык жана христиандык сыяктуу салттык түрдө ишенилген кудайдын диндеринен бири болчу. Теодор Герцлден баштап сионист жөөттөр алгач иудаизмди өзгөртүштү. Бүгүнкү күндө сионист иудаизмге катуу каршы чыккан көп сандаган жөөттөр бар. Түркияда жана айрым ислам өлкөлөрүндө жакынкы мезгилдерде сионизмге шайкеш ислам жаратуу аракеттери болуп жатканы белгилүү. «Диндер аралык диалог» сыяктуу терминдер салтка таянбаган исламдын атынан бузуку жорумдар жана практикалар ушул аракеттерге шилтеме берип турат. Бул катмарлар да евангелисттер сыяктуу Израилдин жөөттөр үчүн убада кылынган жерлер болгонун айтууда.

Христиандыктын ичинен сионизм менен шайкеш ишеничтин өзүнөн өзү пайда болгонун эсептөө, диний айырмачылыктар жана тарыхтагы кагылышуулардын себебинен анчейин мүмкүн эместей көрүнүүдө. Бул өзгөрүүнүн сионист аракеттин чыгарылышы болгону ачык айкын көрүнүп турат. Сионист христиандыкка (евангелизм) каршы чыккан бир топ христиандар да бар. Католик Папасынын Кудстун борбор шаар деп жарыя кылынышына каршы чыккан мамилеси белгилүү. Ошондой эле түрдө православдар дагы евангелисттер сыяктуу ой жүгүртүшпөйт жана ал эмес кээде Израилдин зулумдугуна каршы мусулмандарды жактоодо.

Теңирди кыяматка мажбурлоо адам баласынын колунан келбейт. Бирок адамзаттын апаатты көздөй баратканы көрүнүп турат. Диндердин генетикасы менен ойноп бүтүндөй адамзатты апаатка түртө турган сионизмге байланыштуу ар түрдүү аракетке каршы чыгуу керек. Бул болсо бир гана генетикасы бузулбаган жөөттөр, христиандар, мусулмандар жана жер жүзүндө тынчтыкты каалаган бардык адамдардын кызматташуусу менен мүмкүн болот.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар