Жер жүзүндөгү качкындар

Дүйнөлүк качкындар күнү

996143
Жер жүзүндөгү качкындар

Жер жүзүндөгү чарасыздар; Качкындар

20-июнь «Дүйнөлүк качкындар күнү» деп кабыл алынды. Бул күн адам баласы катары Дүйнө жүзүн бирге бөлүшкөн бирок көбүнчө маселелерин көрмөксөнгө салган, көрсөк дагы алар жөнүндө курулай сөз сүйлөп гана тим болгон жер жүзүнүн чарасыздарына, качкындарга арналган бир күн.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Учурда дүйнөдө 65-70 миллион качкын бар экени айтылууда. Бул калктын саны жагынан алынганда качкындар дүйнөнүн 20-чоң өлкөсүн түзүп тургансыйт. Буга кошумча жерлеринен ажыраган 400 миллион адам жөнүндө сөз болууда.

Сандары, көптүгү ачык көрүнүп турат. Бул сандар өзү эле, абийирдүүлөрдүн сезимдерин ойгото турганчалык оор, кайгылуу жана анык. Муну менен бирге көбүнчө сандардын суук чындыгы, болгон кайгыларды, көз жаштарын, өлүмдөрдү, зулумдуктарды, сүргүндөрдү жашырып тургандай сезилет. Качкын абалдагы бир ымыркайдын, баланын, аялдын, улгайган кишинин көргөн күнүнүн өзүнчө бир трагедия экени, он миллиондоп айтылган сандардын арасында көбүнчө эске алынбайт дагы...Чындыгында ар бир көч, ар бир бөлүнүү, балким миңдеген жылдардан бери ал жерлерде жашагандар үчүн үзүлүү, кыйроо, алсыроо, айкырык болуп саналат. Ким эле жөн жерден, бардык ата-бабаларынын, энесинин, атасынын, өзүнүн жашаган жерлерин таштап, ондогон жылдык турмушунан келгендерди таштап салып, кооптонууларга, белгисиздиктерге толгон портторго бет алгысы келсин?... Ар бир көч, жашалган аймакта өтмүшкө таандык бардык нерсени жана келечек тууралуу бардык үмүттөрдү жок кылып чыгарылган эң татаал жана акыркы чечим болуп саналат.

Эң көп качкындар чыккан өлкө Сирия, Ооганстан, Түштүк Судан жана Сомали деп тизмеленди. Андан да көп кайгыга салган нерсе 2010-жылы дүйнө жүзүндө эң көп качкынды кабыл алган өлкөлөрдөн бири болгон Сириянын бүгүнкү күндө эң көп качкын чыккан өлкөгө айланышы болуп саналат. Турган өлкөсүндө качкынга айланып калаарын ойлобогондор, жалгыз дарттары качкындардын  өлкөлөрүнө келүүсүнө бөгөт болуу болгондор үчүн чоң сабак алынса боло турган абал. Көргүсү келгендер үчүн дүйнөлүк тарых ушул сыяктуу үрөйдү учурган окуяларга толгон. Дүйнөлүк тарыхта качкын абалга түшпөгөн, көчүүгө аргасыз болбогон коомчулук жокко эсе.

Өлкөсүнөн эң көп киши көчкөн өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы батыш өлкөлөрү кийлигишкен өлкөлөр болуп саналышат. Булар глобалдык стратегиялар кагылышуу аянтына айланган өлкөлөр. Глобалдык күчтөр кагылышып жатканда баягы эле эзилгендер карапайым калк болду.

Шексиз качкын маселесинин жалгыз себеби кагылышкан глобалдык стратегиялар эмес. Өлкөлөрдүн ички маселелери, туура эмес башкаруулар, саясий маселелер, экономикалык чындыктар, ачарчылык, кургактык сыяктуу көп сандаган себептен кеп болууда.

Чоң көч толкундарына чечүүчү жол табуу, чоң аракеттерди талап кылат. Бирок кээде кичине гана аракеттенүү дагы чечүүчү жол табыш үчүн жетиштүү болот.  Африкада бир айылда ачылган суу кудугу (наркы абдан төмөн) ошол айылдын тобу менен көчүүсүнө бөгөт боло алат. Бул сыяктуу аракеттер маселени толугу менен чечпейт, бирок эң жок дегенде ниетибизди ортого салат. Ибрахимдин өртүн өчүрүш үчүн суу ташыган курумрска сымал. Бул кичине аракеттер, биз үчүн болбосо да пайдалангандардын өмүрлөрүн сактап калат. Жээкке чыгып калган миңдеген деңиз жылдызынын бир бөлүгүн колунан келишинче деңизге ыргыткан кишинин жообу; «Ооба, бардыгын куткара албагандыгым үчүн сизге бул мамилем жаңылыш болуп көрүнүшү мүмкүн. А бирок деңизге ыргыткан ар бир деңиз жылдызы ушул мамилем менен жашоосун улантууда», дегени сыяктуу... Адамды жароокер кылган анын мансабы, байлыгы эмес, башкалары үчүн болгон санааркоосу болуп саналат.

Качкындар тууралуу бир гана азап-кайгыны белгилеп туруп, кайгырып эч нерсе кылбастан жолубузду улантып, суук анализдер менен тим болобузбу? Кайгыга себеп болгондорго эч кандай жоопкерчилик жүктөбөйбүзбү?

Албетте жок. Жашаган өлкөлөрүндө эч кандай үмүт калтырбай, адамдардын өтмүштөрүн жана келечекке болгон үмүттөрүн уурдаган жаман башкаруучуларды эч шексиз болгон күчүбүз менен сынга алабыз. Адамдардын же өлкөлөрдүн чарасыздыктарынын үстүнөн албарсты сыяктуу баскан, адамкерчиликке жатпаган кайгылар боюнча глобалдык стратегияларды иштеп чыккан империалисттик максаттарды да албетте ачыкташыбыз керек.

Булардын бардыгына кошумча эл аралык саясатты, кызыкчылык индекстүү эмес, өлкө индекстүү баалуулук борборлуу жүргүзгөн өлкөлөрдү албетте ар бир мүмкүнчүлүктө мактоо керек. Сириялык качкындар темасында дүйнөнүн эң бай өлкөсү болбогонуна карабастан ушул чөйрөдөгү өлкөлөр Түркия, Ливан жана Иорданиянын көтөргөн жүгү дүйнө жүзүнүн калганынан алда канча эсе дагы көп. Өзү жалгыз Түркиянын бир эле шаары Килистин багып жаткан баш калкалоочуларынын саны көп сандаган Батыштык өлкөдөн дагы көп. Кризистер башталгандан бери Түркияда төрөлгөн 300 миңден ашуун ымыркай жөнүндө сөз да боло элек. Анын үстүнө бул өлкөлөр Сирия кризисинде эч кандай маселе жараткан өлкөлөр да эмес.

Бир тараптан глобалдык актерлор Сирия маселесинде маселе жараткан өлкөлөр болуп саналышат. Сирияга кызыгуулары көбүнчө өз кызыкчылыктары багытында дагы көп аскердик каржылоо, курал берүү жана маселени тереңдетүү түрүндө көрүнүп турат.

Эл аралык коомчулук зыяндардын ордун толтуруш үчүн бул глобалдык актерлорду жүк бөлүшүү темасында мажбурлашы керек. Адамзат, ахлак, абийир, дүйнө, дин, идеология...кандай болсо болсун, ар түрдүү принциптүү мамиле муну талап кылат.

Чечүүчү жол табыш үчүн дагы көп маалым болууну камсыздоо керек. Бул болсо маселенин бир бөлүгү болгон глобалдык актерлорго эмес, дагы көп бейөкмөт уюмдарга жүктөлөт. Качкындардын жабыркоосунун маанилүү себептеринен бири глобалдык стратегиялар болуп турганда, чечүүчү жол издеген бейөкмөт уюмдар жергиликтүү же аймактык абалдан чыга албай жатат. Глобалдык маалымдоо жасаш үчүн бейөкмөт уюмдар дагы көп глобалдык кызматташтыктарды максатоолору керек. Отчеттор, анализдер менен эл аралык коомчулукту дагы көп маалыматтандырышы зарыл. Чындыгында бул милдет бир гана бейөкмөт уюмдардын эмес, ар бирибиздин милдетибиз болуп саналат. Унутпашыбыз керек, чечилишине салым кошпогон ар түрдүү адамзат маселеси/трагедиясы бизди бир гана кайдыгер/ыкшоо кылбайт. Чечилбеген ар бир трагедия адамзатты дагы көп бедел төлөөгө аргасыз кылып коет!

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар