Израилдин коопсуздугубу же экспансиясыбы?
Глобалдык перспектива-16

Израилдин коопсуздугубу же жайылуучулугубу (экспансия) ?
Терминология мазмунду да белгилеп турат. Сиз колдонгон терминдер бир маселени кай жагынан караганыңыздын, ал маселеге карата өзүңүздүн позицияңыздын жана эмнени маселе же чечүүчү жол катары караганыңыздын белгиси болуп саналат.
Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.
Дагы жакшы түшүнүктүү болушу үчүн мисал берип баштайлы; «Жумшак Ислам» терминин тандасаңыз, негизинен маселе катары караган нерсеңиз Ислам болгонун көрөсүз. Бул термин боюнча кеп кылганыңызда орой айтканда «радикализм, катуу, жихадист, фанатик Ислам түрлөрү да сөз болот, бирок булардын бардыгынын арасында эң эле ылайыктуу болгону «жумшак ислам» болуп саналат» мамилесин тандап алган болосуз. Бул макалада мындан мурда жазганым сыяктуу «жумшак Батыш» терминин тандаганыңызда негизинен Батыштын адамзатка тийгизген бир топ зыяны менен кошо жумшак болгон учурунда Батыштын адамзатка сунуштаган/ сунуштай турган салымдарына көңүл буруп, ушул себептен жумшак Батыш муктаждыгына басым жасаган болосуз.
Жакынкы Чыгышка карай анализдерде өзгөчө Сирия кризисинде эки нерсе, эки кемчилик көңүлдү бурат. Биринчиси кээде Жакынкы Чыгышта Израиль деген өлкө жок сыяктуу анализдер жасалат. Сирия кризисинде да болгону сыяктуу Жакынкы Чыгыштагы кризистер бул өлкө тууралуу эместей каралып Израиль унутулат. Чындыгында Израиль курулгандан кийин Жакынкы Чыгыш элдери балким тарыхынын эң тынчы жок мезгилдеринен бирин өткөрүп жатышат. Сирия кризисинде да ошол Израилдин таасири кээде унутулуп жатат. Бул абалдын келип чыгышында, Жакынкы Чыгыш калктары анчейин көнбөгөнү сыяктуу көрүнүп турган Израилдин тымызын жана терең саясатынын таасирин сөз кылбай кетпеш керек. Башынан бери Сирия кризисинде утулган өлкөлөр суралганда көп сандаган өлкө саналса болот. Бирок бул кризистен эң көп утуш менен чыккан өлкө Израиль болуп саналат. Анткени кризис менен бирге Израилдин өзүнө коркунуч катары сезген дээрлик бардык өлкөлөр пайдубалын жоготкон абалда. Сириядан баштап Иран, Түркия, Араб өлкөлөрү бул кризистен абдан чоң зыян тартууда. Мындан мурда палестиндердин укуктуу доосун жактаган айрым Перс булуңу өлкөлөрү эми болсо кудум эле Изариль менен бир блокту кургандарынын көрүнүшүн берип жатышат.
Бир тараптан эл аралык коомчулук, адам укуктары мекемелери, глобалдык абийир каршы чыккан Израилдин адам укуктарын бузуулары, жайылуучулук саясаттары, көңүл буруулар дагы көп Сирияга багытталганы үчүн унутулууда.
Анализдердеги экинчи кемчилик болсо жалпысынан алганда Жакынкы Чыгыш, өзгөчө алганда Сирия кризиси жагынан Израилди да унутпай маселени Израилдин коопсуздугу менен байланыштырып караган мамилелер. Батыштык аналисттер дээрлик толугу менен Жакынкы Чыгыш тектүү аналисттер болсо кээде анализдеринде «Израилдин коопсуздугу» сөз айкалышына орун берүүдө. Израилдин коопсуздугу перспективасынан маселени карай турган болсок, Жакынкы Чыгышта болгон ондогон жаңылыштыктар, Израилдин ушул убакка дейре кылган жана кылып жаткан ондогон зулумдугу кудум эле мыйзамдаштырылган болот. Анткени маселе коопсуздук маселеси болсо табигий түрдө ар бир өлкө өз өлкөсүнө багытталган коркунучтарга карай тийиштүү чараларды көрүүгө аргасыз. Бул жерде бир өлкө эң көп бул чараларды көрүп жатканда, ченемсиз күч колдонуп, адам укуктарына жана негизги эркиндиктерге баш ийбегени менен сындалса болот.
Чындыгында жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Жакынкы Чыгышта туш болгон маселе Израилдин коопсуздугу эмес, Израилдин жайылуучулук маселеси болуп саналат. Медиада тез-тез орун алган жана 1947-жылдан бери Израилдин жерлерин канчалык кеңейткенин көрсөткөн карта бул чындыкты так түрдө ортого салууда. 1946-жылы жөөттөр Палестинанын жерлеринде бир гана белгилүү отурукташкан жерлерде жашашса, бүгүнкү күндө абал терсине айланды. Бул карта палестиндердин жашоо аянтынын канчалык тарытылганынын, жашаган жерлеринин кудум эле ачык асман астындагы абакка айландырылганынын ачык жана капага салуучу көрүнүшү. Журанлист Мехмет Акиф Эрсойдун «Кыялданууң эмне?» деген суроосуна газалык бир өспүрүмдүн берген жообу жашаган жерлеринин абакка айландырылганынын чыныгы абалын жыйынтыктап тургансыйт; Ал «Бир машина менен Изариль тарабынын эч кандай текшерүүсүнө дуушар болбостон 180 км ылдамдыкта жарым саат кыдыра алуу».
Экинчи тараптан Израилдин учурда ээ болгон чек араларда кала турганы жөнүндө белги да жок. Айрым жөөттөрдүн өжөрдөнүү менен каршы чыгуусуна карабастан, фанатик жикчил жана сионист жөөттөрдүн «Улуу Израиль идеясы» үчүн иштеп жаткандары жашыруун чындык эмес. Интернеттеги кичине сурамжылоо бул чындыкты көз алдыга жаюуга жетиштүү болот. Улуу Израиль идеясынын алкагында сионист жөөттөр, ичинде Евфрат жана Тигр дарыяларын да камтыган арабдар, күрттөр, түрктөр жана башка этникалык топтор жашаган аймактардын өздөрү үчүн «убада кылынган жерлер» болгону жөнүндөгү ойлорун камтыйт. Учурда Сирия кризиси жагынан алып караганда эң көп ыраатсыздык да бул жикчил жөөттөрдүн «Арзу Мевуд» деп аташкан жерлерде болуп жатат.
Керек болсо Израиль курулгандан ушул убакка дейре жүргүзгөн саясаттарын карасак, керек болсо учурда аймактык саясаттар эске алынганда Израилдин тынымсыз кол салган саясаттарды жүргүзгөнү белгилүү. Израилдин коопсуздугу айтымы, негизинен курулган күнүнөн ушул убакка дейре жүргүзгөн кол салуучу жана жайылуучулук саясатын жаап жашырган функцияны аткарууда. Ушул себептен туура терминология Израилдин коопсуздугу эмес, Израилдин жайылуучулугу болуп саналат.
Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.