Кутубузга кат келди-4

Кутубузга келген азил-тамашалуу эскермени тартуулайбыз.

704099
Кутубузга кат келди-4

Мурдагы программаларыбызда белгиленибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат. Жакшы көргөн түркчө ыры болсо ошол ырды да угузганга аракет кылабыз.

Анда , бүгүнкү программабызды баштасак, Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ менен Кыргызстандын коомдук теле радио каналы-КТРКнын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ТРТга  КТРКнын журналисттери тажрыйба алмашууга келип турушат. Ошолордун арасынан Гүлжан Каражанова келген эле. Бүгүн ушул эскермеге орун беребиз.

Анкарада бир айлык иш тажрыйбасын өткөрүү учурунан көз ирмем....

«Балким буга чейин чет жактарга чыгып көрбөгөндүкпү, айтор мен үчүн Түркияга баруу жашоомдогу чоң бурулуштардын бири болду. Мүмкүн түрк калкынын өз ара мамилеси кандай, мага билинбесе керек. Бирок алардын ички маданиятынын жогорулугу, ата-мекенди өзгөчө сүйгөндүгү, чет элдиктерге сылык мамилеси, каада-салтына, үрп-адаттарына маани бергендиги мага башкача таасир калтырды. Ал эми ТРТнын “Түркия үнү» радиосу биздин ар тараптуу тажрыйба алмашуубузга чоң салым кошту десем болот. Азыркы күнгө чейин аталган мекемедеги мен баскан ар бир кадам, издер эстен кетпейт. Биздин мекендештер Алмазбек Асанбаев, Гулайым жана Махабаттын илбериңки мамилеси, сыйчылдыгы жана иш билгиликтери ал жакта менин эркин жүрүүмө, жумушту аткарууга ынтызарлыгымы күчөтүп, шыгыма шык кошту. ТРТ техникалык, материалдык жана социалдык мүмкүнчүлүгү чоң, эл аралык тажрыйбанын талаптарына шайкеш келген компания. Дүйнөнүн 70 чукул мамлекеттеринен өкүлдөр түрк тилинде өз өлкөсү, мамлекеттер ортосундагы кызматташтык тууралуу маалыматтар, жаңылыктарды бүтүндөй ал өлкөлөр менен түрк дүйнөсүнө таанытып турары өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Алардын арасында эң жагымдуусу биздин, Кыргызстандын мекенчил, чыгармачыл инсандарынын иш алып баруусу болду. Чоң ыраазылык Алмаз байке сиздердин чыгармачыл жамаатка. Тил жагынан кыйналыштар болду албетте. Деген менен мейманканада жумуштан кийинки кээ бир учурлардагы жалгыздык тил үйрөнүшүмө өбөлгө болду. Менден мурда келген кесиптештер кабылган күлкүлүү окуяларга туш болбоо аракетин кылып сөздүк да алып алгам. Балким өзбек тилинде жакшы сүйлөгөндүкпү, айтор тилдеги окшоштуктар аз-маз болсо да баарлашууга мүмкүнчүлүк түздү десем болот. Албетте кыйратып жибердим десем ашыкча болуп кетет го. ТРТнын конок үйүнүн кабылдоо бөлүмүндөгү Хусейин бей, Казим бей жана Айша эжелер менен бир нерселерди кобурашканга эптеп жардам берчү. Бир жолу Казим бейге сизге бир нерсе айткым келип турат дейм деп сизди каалап жатам деп алган элем. Корсо анын мааниси башка тура. Байкуш киши эмнеге эле кызарып кетти десе... Кийин тушунуп аябай уялган элем. Анан калса композитор, обончу жана аткаруучу Түгөлбай Казаков агай менен чогуу баргандыктан алгач тилден кыйналуу болгон эмес эле да. А киши кайра кайтып келе бергенден кийин Түгөлбай агайдын жубайы, менин сүйүктүү эжекем Гүлсүнай эже экөөбүз бир топ карайлабадыкпы кокуй. Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай, түрктөрдүн жаратылышка болгон мамилеси. Тазалык, жашылдуулукка аяр мамиле, ал турсун жолбун иттерге болгон кол тийбестик аябай көңүлүмдү бурду. Бул жагынан алганда Түркия алдыңкы өнүккөн мамлекеттердин бири экендигин далилдейт. Тартиптин бекем орношу, күн-түн дебей Анкаранын жайлуу, кең көчөлөрүндө жүрүү коопсуздугун баса айтып коюу керек. Айтор мен Анкарада бир айлык иш тажрыйбам бир күндө бүтүп калгандай элестүү таасир калтырды десем болот. Соңку күндөрдө Түркияда болуп жаткан айрым терс окуялар менин да жүрөгүмдөн өтөт. Тынччылык, байгерчилик жана бакубат жашоо тилейм! Алмаз байке, биз силерди сагындык. Баарына салам айтыңыз. Корушкончо ама-эсен турунуздар». Гүлжан Каражанова

Гүлжан Каражанова айымга ийгилик каалайбыз. КТРКнын 1-радиосунун маалыматарын шакылдатып элге жеткире беришине тилектешпиз.

 



Тектеш кабарлар