Күн тартиби-4

Эмне себептен Президенттик системага муктаждык бар?

658941
Күн тартиби-4

Бул суроого жооп берүү үчүн барынан мурда Мамлекет башчылык же Президенттик системаны терең аңдап билүү керек. Бул системанын түшүнүктүү болушу үчүн парламенттик система менен салыштырылышы жана эки системанын тең жакшы жана жаман жактары ортого салынышы зарыл. Бул макалада айтылгысы келген да дал ушул б.а. эки системанын тең жакшы жана жаман жактарынын салыштырылышы. Мамлекет башчылык же Президенттик система парламенттик системанын тескерисинче күчтүү аткаруу муктаждыгынын жыйынтыгынан келип чыккан. Бул түзүлүш бийлик бутактарын так бөлүштүрүү системасы деп аталууда. Мындай аталып калышынын айрым себептери бар. Биринчиси мамлекет башчынын парламенттин ичинен чыкпашы жана эл тарабынан шайланышы. Экинчиси мамлекет башчынын же аткаруу бийлик бутагынын берки мүчөлөрүнүн парламенттин иштерине таасирдүү катышууларынын мүмкүн болбошу. Үчүнчүсү мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутактарынын булактарын жана функцияларын улантышы жагынан бири-бирине көз карандысыз болушу. Ушул себептен бир баштуу система б.а. Президенттик же Мамлекет башчылык системасы бийлик бутактарынын ажыратылышы теориясын эң мыкты түрдө аткарган система болуп саналат. Айрыкча бул система бийлик бутактарын так ажыраткан система болушу менен катар бийлик бутактарынын бири-бирилерин текшерүүсүнө жана тең салмактап турушуна таянган өкмөт системасы.

Ошондуктан Президенттик системада аткаруу бийлигинин күчтүү, элге таянганы үчүн ыраттуулукту камсыздоо, күчтүү башкарууну түзүү жана демократиялуу болуу жагынан башка системалардан мыкты экени көрүнүүдө. Бул системада аткаруу бийлигинин борборлуу түзүлүшкө ээ болушунан улам, шалаакы жана кыймылсыз мамлекеттик түзүлүштөрү жана туруштук көрсөткөн бюрократияга ээ болгон  парламенттик түзүлүшкө караганда динамикалуу жана абдан оңой кыймылдай алган, чечим табуу жөндөмдүүлүгү болгон саясий тартип болуп саналат. Буга карабастан мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутагынын ортосунда кризис потенциялына ээ болушу, катуу болушу жана бийликти жеке менчикке айландырышы жагынан кемчиликтери бар. Айрыкча президенттик система ырааттуулук жагынан жана функциялык жактан да парламенттик системага караганда дагы жогору турат. Буга кошумча  парламенттик системанын президенттик системага караганда мүмкүнчүлүгү жумшак болушу б.а. уюлдашууга дагы аз жол ачууда.

Тарыхый жактан алып карасак акыркы 60 жылдык республика тарыхында парламенттик системанын кыйынчылыктарына бул улут абдан көп күбө болду. Коалициялык өкмөттөр жана булар себепчи болгон ыраатсыздыктын жыйынтыгында пайда болгон экономикалык кыйынчылыктар жана аскердик төңкөрүштөр бул улуттун эс тутумунан өчкөн жок. Ошондуктан «саясий ырааттуулук» терминологиясы саясий тарыхыбызда тынымсыз баса белгиленген термин болуп келген. Чындыгында 2007-жылдагы өзгөрүү менен президенттин эл тарабынан шайланышы ыкмасынын киргизилиши, жаңы башкаруу ыкмасынын түзүлүшү жагынан маанилүү бурулуш болду. Анткени мындан ары жогоруда айтып өткөндөй кемчиликтүү абалдардын себебинен Түркиянын өкмөт системасын ишке ашыруусу парламентаризмдин түп нускасынан маанилүү өлчөмдө алыстап кеткен. Анын үстүнө бир топ саясат таануучунун айтканына караганда Түркиянын режими бул учурдагы абалы менен ансыз деле жарым президенттик системага өткөн абалда.

Президенттик системанын Түркия үчүн оң жактарын жана терс жактарын көпкө талкуулай алабыз, ал эмес ушул күндөрдө дагы көп талкуулашыбыз керек. Оң жагы менен терс жагын эске албасак деле президенттик системанын Түркия үчүн кандайдыр бир келишпестикке алып келбей турганын айтууга болот. Түркия бул системага парламенттик системадан дагы ылдам көнө алат. Бир тараптан 1982-жылдагы Конституциянын президентке берген президенттик системага окшогон ыйгарым укуктарын Түркия калкы ашыгы менен жактырган абалда. Тилекке каршы президент сымал ыйгарым укуктарга ээ болгон Президент, Түркияда саясий жактан жооп бербейт, күчтүү бир парламент арифметикасына ээ болгон Президент үчүн да ушундай эле абалдан кеп кылсак болот. Маселени жалгыз эле ушул жагынан карасак дагы президенттик же партиялуу президенттик системасына өтүү дагы иш жүзүндөгү абалды, мындайча айтканда укуктук абалга айландыруу түшүнүгүн берет. Туурасын айтсак Түркия президенттик системага өтсө, мурда эч көнбөгөн системаны эмес, бир топ жагы ишке ашырылып жаткан системаны кабыл алган болот.

Түркия үчүн эң ылайыктуу өкмөт системасы кайсы?-деген суроонун жообун пайдалары жана чыгымдары жагынан ойлонушубуз керек. Ар бир саясат тандоосунда мүмкүнчүлүк жана коркунучтарды, күчтүү жана начар жактарын эске алып баа беришибиз керек. Парламенттик система жана президенттик системанын өзүнө таандык мүмкүнчүлүктөрү жана коркунучтары бар. Мисал үчүн президенттик система ырааттуулук жагынан парламенттик системага караганда дагы жогору турат. Буга карабастан парламенттик системанын президенттик системадан айырмаланып турган жагы жумшак болушу б.а. уюлдашууга жол бербөөсү. Пайда жана чыгым жагынан салыштыра турган болсок президенттик системанын мүмкүнчүлүктөрү жана кемчиликтерин мындай айтсак болот; Түркия ички жана тышкы саясатта абдан баш аламандуу жана чукул маселелер менен алпурушууда. Президенттик система ички жана тышкы саясаттарда ылдам чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк берип, Түркиянын күчүнүн жана таасиринин тең салмакталышы жана кошумчаланышына бекем пайдубал камсыздайт. Ошондой эле жооп берүүчүлүк жана башка жактарынан демократияга дагы жакын болгон президенттик система, Түркиянын саясий тарыхындагы парламент менен аткаруу бийлик бутагынын карама-каршы келишине жана башкаруунун такалып калышына себепчи болгон бүдөмүктөрдүн жоюлулушуна ошондой эле  бийлик бутактарынын бири-бирин тизгиндеп турушуна жана тең салмактап турушуна салым кошо алат.

Жыйынтыктасак президенттик система Түркиянын 80 жылдан ашуун бетме-бет келген негизги экономикалык, коомдук жана саясий проблемаларына чечүүчү жол сунуштаган потенциялга ээ болууда. Парламенттик система процессинде катмарлашкан бул маселелердин чечилишине президенттик система менен мүмкүнчүлүк берилишине муктаждык болуп жатат. Түркиянын бардык жагынан жолунун ачылышы буга байланыштуу болот.



Тектеш кабарлар