ЙПГ, АКШ жана Орусиядан жардам алды

Ибрахим Калын, террор уюму ДЕАШ кыймылдарын исламдын атын атап кылышынын ишеничке кара так түшүргөнүн айтты.

501453
ЙПГ, АКШ жана Орусиядан жардам алды

Президенттин катчысы Ибрахим Калын, террор уюму ДЕАШ кыймылдарын исламдын атын атап кылышынын ишеничке кара так түшүргөнүн айтты. Ибрахим Калын ТРТ- World каналына террор уюму ДЕАШ, ЙПГ жана жарандык согуш өкүм сүргөн Сирия туурасында атайын ачыктоолорду жасады. ДЕАШтын Сирия согушундагы эки жаныбардан бири болгонун жана алардын кыймылдарын да коркунучтуу жана адамзат мамилесине жатпаган кыймыл деп мүнөздөгөн Калын, «Буларды исламдын атынан жасагандарын айткандары болсо, дүйнөдө жашаган миллиондогон адамдын ишеничине кара так түшүрүүдө»,-деди.

Калын, Америка Кошмо Штаттарынын ПККны террор уюму катары аныктаса да анын Сириядагы уландысы ЙПГны террор уюму катары кабыл албоо дилеммасына да токтолду.

ЙПГнын АКШ жана Орусиядан жардам алганын баса белгилеген Калын, «Бул ар башка актерлордун сыйкырдуу түрдө ЙПГны колдоого алуу темасында келишим түзүшү эмне деген жорук?»-деп айтты.

Президенттин катчысы террор уюму ДЕАШка каршы куралган коалициялардын уюмду жок кылуудагы ийгиликсиздигинин себептерине да токтолду.

Ибрахим Калын: «Бул жердеги маселенин башында ДЕАШка каршы түзүлгөн Европа жана АКШ сыяктуу ири эл аралык бардык ортоктошторду камтыган эл аралык коалиция бар. Бул абдан жакшы формаланган коалиция болуп саналат. Ал эми ушул убакка дейре ДЕАШты жок кылуу аракетинен канчалык ийгиликтүү болгонубуз суроо туудурат. Анткени менин оюмча ДЕАШты жок кылууга жетиштүү көңүл бурган жокпуз» деп жазды.

Калын 5 жылдан бери жарандык согуш өкүм сүргөн жана 500 миңден ашуун адам каза болгон Сирияда, Асад режиминин террор уюму ДЕАШты өзүн жактоо үчүн шайман жана жол катары колдонгонун да белгилеп өттү.

Ибрахим Калын: «Асад, «мен кетсем бул террористтер Сирияны басып алат» деген шылтоо менен муну көп жылдар бою пропаганда оюндарында колдонду. Тилекке каршы эл аралык коомчулук да буга уруксат берди» деген серебин салды.



Тектеш кабарлар